Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2017-жылдын 3-ноябры № 2
Мектептерде окуучуларга берилүүчү шашке тамагы жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Керимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп жетекчилерине окуучуларга берилүүчү шашке тамагы боюнча ай сайын кагаз түрүндө маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
2. Э.Четинбаев атындагы, Жеңижок атындагы, Б.Миңбаев атындагы, К.Кулназаров атындагы, К.Кенжебаев атындагы орто мектептердин директорлоруна убагында шашке тамагынын алып келиниши боюнча маалымат берилбегендиги үчүн “эскертүү” берилсин.
3. Кетирилген кемчиликтер боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Малабеков |