ТоктомКүчүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 01-ноябрындагы №1 «Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн 1 млн сомду бөлүштүрүү жөнүндө» токтому

Редакция03.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2017-жылдын 01-ноябры №1

 Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн 1 млн сомду бөлүштүрүү жөнүндө

 Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. АРИС программасынын долбоору боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесине “Кара-Суу ЖПБ сында фронталдык погрузчик алуу” үчүн өздүк салым катары 800 000( сегиз жүз) мин сом бөлүнүп берилсин.

2. Кызыл-Көл айылындагы алыштын башын оңдооого курулуш материалдарга 50 000(элүү) мин сом бөлүнүп берилсин.

3. Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү майып Керимбеков Уларбекке турак жайына курулуш материалдарды алууга 50 000 (элүү) мин сом бөлүнүп берилсин.

4. Бечел-Аюудагы көпүрөнү ондоо үчүн курулуш материалдарга 12 000 (он эки) мин сом бөлүнүп берилсин.

5. Маданият кызматкеринин кабинетин оңдоо үчүн курулуш материалдарга 5000 ( беш) мин сом бөлүнүп берилсин.

3. “Эл нуру” балдар бакчасынын имаратынын аренда акысы үчүн 5000 сом бөлүнүп берилсин.

4. 78 000 ( жетимиш сегиз) мин сом ар түрдүү чыгымдар үчүн калтырылсын.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чалыбаев Айтымбетке жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Малабеков