Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 2
«Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын X кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн бюджети 2018 - жылга көлөмү 5748.2 мин сом суммасында бекитилсин.(бюджет-5608.2 мин сом,атайын каражат 140,0 мин сом).
2. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прогнозунун өзгөрүшүүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү ,жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген билдирмелердин негизинде чектөө планын өзгөртүү киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнун башчысы Н.Өсөровдун мидеттендирилсин.
3. 2018-жылга Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендөөчү грант биринчи кезекте корголгон беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга сарпталсын.
4. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше булагы менен камсыздоо биринчи кезекте салык жана башка төлөмдөрдү белгиленген планын ар бир түрү боюнча аткаруунун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше бөлүмүнүн башчысы Арапбай уулу Азимшахка милдеттендирилсин.
5. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекс жөнундөгү» Мыйзамына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип,айдын кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровко жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси жөнүндө 16.05.2016-жылдагы №60 мыйзамдын 24-беренесине ылайык 50,0 мин сом өлчөмүндө айыл өкмөттүн резервдик фонду болуп бекитилсин.
7. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн КР Өкмөтүнүн № 403 токтомунун негизинде 4,0 айыл башчы жана 2,0 аскерге чакыруу жана паспорт стол штаттык бирдиги киргизилсин.
8. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча 2017-жылга кечиктирилгис чараларды көрүү максатында кол тийгис 150,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана бул акча каражаттын максаттуу пайдалануу жарандык коргоо комиссиясынын чечими аркылуу иштеттүү милдеттендирилсин.
9. Республикалык бюджеттен берүүчү түрткү грандын эсебинен каржылануучу долбоорлор үчүн өздүк салым катары 600,0 мин сом акча каражаты каралсын.
10.Массалык жана маданий иш чараларга 157.0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
11.Интернет койдуруу үчүн 60.0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
12.Катар-Жангак жана Кызыл-Үнкүр айылдарына таза суу чыгаруу үчүн 100 .0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
13.Айыл аймагынын мекеме-уюмдарынын коммуналдык чыгымдар үчүн тендөөчү грандын эсебинен 686.5 мин сом каралсын.
14.Ар кандай чыгым үчүн 200,0 мин сом (компьютердик кызмат көрсөтүүлөр 40,0 мин сом,концелярдык товар үчүн 25,0 мин сом, өкүлчүлүк жана демөөрчүлүк 135,0 мин сом) жана сапар чыгымы үчүн 80,0 мин сом ошондой эле кызматтык автоунаа учун 120,0 мин сом мекем-уюмдардын башка чыгымдары учун 81,0 мин сом жалпысы болуп 401,0 мин сом акча каражаты ажыратылсын
17.Токтомду бекитип берүү жагы КР каржы министрлигинин Базар-Коргон аймактык башкармалыгынан суралсын.
18. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А |