Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты №250/31-6
Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндө жайгашкан Газпром тарабынан 259 960 000 сомго 2474,78 кв.м. жерге курулган спорттук комплексти Талас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алып реестрге киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2.5.пункттары, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-беренесине ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 26-февралындагы №01-1/244 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап,талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндөгү Газпром тарабынан 259 960 000 сомго 2474,78 кв.м. жерге курулган спорттук комплекси Талас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын жана Талас шаарынын реестрине киргизилсин.
2. Реестрге киргизүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков |