Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2018-жылдын 30-майы № 12/3
Кербен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 27-февралындагы “Кербен шаарынын мэриясынын штат бирдиктери жөнүндө”№ 3/5 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 08.05.2018-жылдагы № 3-34/360 билдирүүсүн, шаардык Кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 14-майындагы № 38 токтомун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кербен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 27-февралындагы “Кербен шаарынын мэриясынын штат бирдиктери жөнүндө” № 3/5 токтомунун № 2, № 3 тиркемелери жокко чыгарылсын жана № 2, № 3 тиркемелеринин жаңы редакциясы кабыл алынсын (тиркелет).
2. Тиешелүү өзгөртүүлөргө байланыштуу, кызматка кабыл алуу КР мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. ЖКХ бөлүмүнө жумушчуларды кабыл алуу анын жетекчиси менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |