Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХV- сессиясы
2018-жылдын 05-июну № 15/1
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан келген 3 300 000 (үч миллион үч жүз миң) сом акча каражатын мекеме-ишканаларга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан келген 3 300 000 (үч миллион үч жүз миң) сом акча каражатын мекеме-ишканаларга бөлүштүрүү жөнүндө маселени шаардык кеңештин депутаттары карап жана талкуулап (VII чакырылыштагы кезексиз ХV- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан келген 3 300 000 (үч миллион үч жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгү мекеме-ишканаларга бөлүштүрүлсүн:
- Шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу Эл аралык «Мерсико» уюму тарабынан «1-4 класстардын окуучуларына ыссык тамак берүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн: №2 А.С.Макаренко мектеп-гимназиясынын 17.04.2018-ж. №789 кайрылуу катынын негизинде 60,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн;
- №4 Ю.А. Гагарин орто мектебинин 04.06.2018-ж. №63 кайрылуу катынын негизинде 60,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн;
- №6 М.В. Ломоносов орто-мектебинин 04.06.2018-ж. №01-06/21 кайрылуу катынын негизинде 60,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн;
- Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 04.06.2018-жылдагы №1-12/451 кайрылуу катынын негизинде жол белгилерин орнотуу үчүн шаардык коммуналдык менчик департаменти аркылуу 80,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн;
- Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 04.06.2018-жылдагы №1-12/448 кайрылуу катынын негизинде Октябрь көчөсүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн жаны долбоор түзүүгө шаардык мэрияга 80,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн;
- Октябрь көчөсүнө асфальт төшөө үчүн шаардык мэрияга 2,960 мин сом акча каражаты бөлүнсүн.
Жалпы 3 300 000 (үч миллион үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жана шаардык финансы башкармасынын башчысы Э.Караевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |