Бишкек шаары2009-жылдын 25-сентябры № 1398-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ 2009-жылдын 26-июнундагы № 1332-IV "Жалал-Абад областында 2009-жылдын 23-июнунда болгон окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн маалыматы тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитети тарабынан жасалган иш жөнүндө 2009-жылдын 26-июнундагы № 1332-IV "Жалал-Абад областында2009-жылдын 23-июнунда болгон окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынынкүч түзүмдөрүнүн маалыматы тууралу" Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин токтомунун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы бо-юнча комитети тарабынан жасалган иш жөнүндө маалыматты угуп жана талку-улап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Жалал-Абад областында 2009-жылдын 23-июнунда болгон окуяларгатиешеси бар Хасан Абдукаримович Сулеймановго карата жазык ишин, ага ка-рата мунапыс актысын колдонуунун жана анын шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бо-шотулушунун жагдайларын иликтөө боюнча жасалган иш жөнүндө Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жанасот-укук реформасы боюнча комитетинин маалыматы эске алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы: - Х.А.Сулеймановго карата жазык иши боюнча мамлекеттик айыптоонунсапатсыз жүргүзүлүшүнүн фактысын изилдесин; - мындай фактыларга мындан ары жол бербөө максатында мыйзамдардынтак жана бир беткей аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтсүн; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Жогорку сотунун,Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигининжетекчилигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурату-расынын алдындагы Координациялык кењешмеде жыйынтыктарды карап, сот та-рабынан соттолгон адамдарга карата мунапыс жөнүндө актыларды колдонуу-нун практикасынын мыйзамдуулугун текшерүүнү жүзөгө ашырсын; - жасалган иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешине 2009-жылдын 11-декабрынан кечиктирбестен маалымдасын. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жазык, жазык-про-цесстик жана жазык-аткаруу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсызкылуу боюнча, ошондой эле юстиция органдарынын кызмат адамдары тарабы-нан мунапыс жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын кыйшаюусуз аткарылышы бо-юнча чараларды көрсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргелешип Жо-горку сотуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - экстремизмге жана терроризмге тиешелүү кылмыштар жөнүндө жазыкиштери боюнча соттук-тергөө практикасын жалпылоо жүргүзсүн; - иште табылган кемчиликтер боюнча аларды бардык судьялар мененпрокурорлордун маалыматына жеткирүү менен сунуштамаларды иштеп чыксын; - жасалган иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасыбоюнча комитетине 2009-жылдын 11-декабрынан кечиктирбестен маалымдасын. 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Коргоо, коопсуздук,укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитети: - Кыргыз Республикасынын сот тутумун жана укук коргоо органдарынреформалоо боюнча концепцияны ишке ашырууга активдүү катышсын; - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Юстиция минист-рлиги менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигининЖазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жатак абактары тарабынан КыргызРеспубликасынын Жазык-аткаруу кодексинин ченемдеринин аткарылышын тек-шерүүнү жүзөгө ашырсын; - аткарылган иштин натыйжаларын Комитеттин жыйналышында карасынжана жыйынтыктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине2009-жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен маалымдасын. 6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук рефор-масы боюнча комитетине (Л.Ч.Сыдыкова) тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы А.Тагаев