Бишкек шаары2009-жылдын 25-сентябры № 1399-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Республиканын экономикасынын тармактары менен калкын 2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча жана Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - Кыргыз Рес-публикасынын суу-энергетикалык кырдаалын турукташтыруу боюнча, ошондойэле экономикасынын тармактары менен калкын 2009-2010-жылдардынкүзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча республикалык штабдын төра-гасы Ө.Т.Бабанов менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жанаотун ресурстары министри И.А.Давыдовдун маалыматтарын угуп жана талкуу-лап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши алдыда турган жылытуу мезги-линин туруктуу өтүшүн камсыз кылуу максатында өткөн жылдардын тажрыйба-сына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамле-кеттик администрациялардын органдары, энергетика компаниялары тарабынандаярдоо жумуштарын жүргүзүү боюнча белгилүү чаралар көрүлүп жаткандыгынбелгилейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2009-жылдын 7-майында"Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары менен калкын2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо жана Токтогулсуу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чараларжөнүндө"
токтом кабыл алынып, анда министрликтер, мамлекеттик комитет-тер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары,Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, акционердик коомдор үчүн иш-чара-лардын планы бекитилип, ошондой эле айкын милдеттер коюлган. Контролдоону жүзөгө ашыруу максатында өтүп жаткан жылдын 28-авгус-тунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында мурда кабыл алынгантоктомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маселе каралган. Өткөн жылдын күзүндө киргизилген электр энергиясын керектөөнүн ли-мити, ошондой эле жагымдуу метеорологиялык шарттар Токтогул суу сакта-гычындагы суунун топтолуу көлөмүн олуттуу жогорулатууга мүмкүнчүлүк бе-рип, ал 2009-жылдын 23-сентябрына карата 12,582 млрд.куб метрди түзгөн,мунун өзү өткөн жылдагы дењгээлге салыштырганда 2,96 млрд.куб метргекөп. "Кыргызстандын УЭТ" АКсы тарабынан жабдууларды жана электр тармак-тарын капиталдык ремонттоодо 14,1 млн.сом өздөштүрүлүп, Өкмөттүн тап-шырмасында көрсөтүлгөн кичи станциялардын баары ремонттолуп бүткөн. "Кыргызстандын УЭТ" электр тармактарында электр энергиясынын жого-тууларын төмөндөтүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын планын иш-ке ашыруунун натыйжасында тармакка берилген электр энергиясынын жоготу-уларынын пландык тапшырмасы 7,61% болсо, ал 5,94%ды түзгөн. Кыргыз Республикасы боюнча электр энергиясынын кубаттуулуктарынкеректөөнүн максимуму алдыдагы жылытуу мезгилинде 2660 мВт көлөмүндөболушу күтүлөт, мунун өзү 2008-2009-жылдардын жылытуу мезгилинин ичин-дегиге караганда 353 мВт га көптүк кылат. Энергияны сактоочу технологияларды жайылтуунун, кызытуу лампаларынэнергияны сактоочуларга алмаштыруунун натыйжасында өтүп жаткан жылдын 8айынын ичинде электр энергиясын үнөмдөө 172 мињ кВт/саатты түзгөн. "Кыргызгаз" АКсы жылдын башталышына салыштырганда керектелип жат-кан жаратылыш газы үчүн каражаттарды жыйноону 41,3 млн.сомго көбөйтүп,газ керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы азайган. "Бишкекжылуулуктармагы" ААКсы да өтүп жаткан жылда мурдагы жылгасалыштырганда берилген жылуулук энергиясы үчүн дебитордук карызды16,1%га төмөндөткөн. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер жа-на ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан 2009-2010-жыл-дардын жылытуу мезгилине карата даярдык боюнча жүргүзүлүп жаткан ишитынчсызданууну туудурат. Электр энергиясынын керектөө лимитинен чыкпоого умтулуп,бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери көпчүлүк учурларда "кыдыратаөчүрүүлөрдүн" терс практикасына берилип кетип, анын айынан өтүп жатканжылда керектөөчүлөргө 41,5 млн. кВт/саат электр энергиясы берилбей кал-ган. 2009-жылга Бишкек шаарынын ЖЭБсындагы ремонттук жумуштардын графи-гине ылайык 12 от казан агрегатын, 11 түтүк агрегатын жана түтүк гене-раторлорун ремонттоону аткаруу пландаштырылууда. Алгачкы бизнес-планбоюнча чыгымдардын суммасы 773,1 млн.сомду, ал эми түзөтүү киргизилгенбизнес-план боюнча 478,5 млн.сомду түзгөн. 2009-жылдын 1-сентябрына ре-монттун аткарылышы 260,3 млн.сомго каралып, мунун өзү бизнес-пландыжылдын башынан бери 81,6%га (319,0 млн.сом) аткарууну түзгөн. 2009-жылдын 29-июнунан тартып № 2 станциянын түтүк агрегатынынконденсаторунун түтүкчөлөрүн алмаштыруу башталган. № 8, № 9 станциялар-дын түтүк агрегаттары капиталдык ремонттоодо. № 7 станциянын түтүк аг-регатынын утурумдук ремонту конденсатордун түтүкчөлөрүн толугу мененалмаштырылып аткарылган. 2009-жылдын 7-майындагы № 279
токтомго ылайык Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн тапшырмасынын көлөмүндө электр энергиясын иштеп чыгууүчүн ЖЭБнын отунга болгон керектөөсү 2009-жылдын II-IV кварталдарынажана 2010-жылдын I кварталына төмөнкүлөрдү түзөт: - көмүргө - 900 мињ тонна; - мазутка -100 мињ тонна; - газга - 28 млн. куб метр. 2009-жылдын 18-сентябрына ЖЭБнын кампасындагы отундун калдыгытөмөнкүлөрдү түзөт: - көмүрдүкү - 143,455 мињ тонна (андан тышкары мамлекеттик матери-алдык резерв - 62,017 мињ тонна); - мазуттуку - 3,684 мињ тонна (андан тышкары мамлекеттик материал-дык резерв - 2,965 мињ тонна). 2009-жылдын аягына чейин жана 2010-жылдын I кварталында 608 мињтонна көмүр, 78,4 мињ тонна мазут жана 28 млн.куб метр газ алынуусу за-рыл. Түзүлгөн келишимдердин жалпы көлөмү көмүр боюнча 1177,7 мињ тонна,келишимдер боюнча жөнөтүүлөрдүн калдыгы 751,1 мињ тонна көмүрдү түзөт. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 7-майындагы токтому аткарылган эмес. Анда мэрияга Кара-Ке-ченин жана Таш-Көмүрдүн көмүрлөрүн ташып келүү үчүн "Көмүр" МИсининэсептешүү эсебине 3 млн.сом өлчөмүндөгү акчалай каражатты ай сайын че-герип туруу тапшырылган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2009-жылдынбиринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча бюджетке тиешелүүтүзөтүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү менен борборлоштурулган отундаярдоого "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсине кошумча бөлүп берүүбөлүгүндө Өкмөттүн бул токтому аткарылган эмес. Айрым жылыштарга карабастан өткөн жылга салыштырганда электр тар-мактарындагы жоготуулар дагы эле жогору бойдон калып, авариялардан уламөчүрүүлөрдүн саны көбөйүп кеткен. Мында бөлүнүп берилген капиталдык са-лымдар бир да бөлүштүрүүчү компания тарабынан өздөштүрүлгөн эмес. Областтардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарла-рынын мэриялары тарабынан катуу отун даярдоо боюнча пландык тапшырма-ларды аткаруу камсыз кылынбай, ал эми Кыргыз Республикасынын минист-рликтери менен ведомстволоруна караштуу бюджеттен каржылануучу уюмдарбоюнча 2009-жылдын 23-сентябрына карата абал боюнча аткаруу 86,7%дытүзүп, бүтүндөй республика боюнча 2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы мез-гилине жылдык керектөөнүн 47%ы даярдалган. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - КыргызРеспубликасынын суу-энергетика кырдаалын турукташтыруу, ошондой элеэкономикасынын тармактары менен калкын 2009-2010-жылдардын күзгү-кышкымезгилине карата даярдоо боюнча республикалык штабдын төрагасы Ө.Т.Ба-банов менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ре-сурстары министри И.А.Давыдовдун маалыматтарын угуп жана талкуулап,республиканын экономикасынын тармактары менен калкын 2009-2010-жылдар-дын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча жана Токтогул суу сак-тагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө ма-алыматтары эске алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары, министрликтер, ведомстволор тарабынан Өкмөттүн 2009-жылдын7-майындагы № 279
токтому менен бекитилген иш-чаралардын планынын кый-шаюусуз аткарылышы боюнча чараларды көрсүн; - келечекте газдын жана көмүрдүн импортун кыскартууну, ошондой элеаларды ата мекендик кен чыккан жерлерден алууну көбөйтүүнү эске алууменен 2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын көмүр тармагынөнүктүрүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик ке-ректөөчүлөрдү керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш га-зы, көмүр жана мазут үчүн өз убагында каржылоону камсыз кылсын. 4. Министрликтер, ведомстволор, областтардын мамлекеттик админист-рациялары, жергиликтүү аткаруу бийлик органдары катуу отун даярдоодокалктын суроо-талаптарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн. 5. Бишкек шаарынын мэриясы "Электр станциялары" ААКсынын жана"Көмүр" МИсинин эсептешүү эсептерине ай сайын 3 млн.сом чегерип туруужөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруу үчүн каражатиздеп тапсын. 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,энергетика жана отун ресурстары министрлиги ушул токтомдун аткарылышыжөнүндө маалыматты 2009-жылдын 1-декабрына карата берсин. 7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдала-нуу боюнча комитетине (Ю.А.Данилов) жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы А.Тагаев