Бишкек шаары2010-жылдын 22-январы № 1632-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Кыймылсыз мүлктүн объекттерин долбоорлоого, курууга, функциялык арналышы менен пландаштыруусун жана аларды пайдаланууга кабыл алуунун тартибин өзгөртүүгө уруксат берүүчү документтерди берүү маселелери боюнча, ошондой эле 2007-2009-жылдардагы кыймылсыз мүлктүн курулуш объекттерин курууга жана реконструкциялоого мамлекет бөлүп берген бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги тарабынан аткарылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын турак жай фондун сактап калуу максатындажана кыймылсыз мүлктүн объекттерин долбоорлоого, курууга, функциялыкарналышы менен пландаштыруусун жана аларды пайдаланууга кабыл алуунунтартибин өзгөртүүгө уруксат берүүчү документтерди берүү маселелери бо-юнча, ошондой эле 2007-2009-жылдардагы кыймылсыз мүлктүн курулуш объек-ттерин курууга жана реконструкциялоого мамлекет бөлүп берген бюджеттиккаражаттарды өздөштүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мый-замдарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-тектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин аракеттерине жарандардынКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына көптөгөн кайры-лууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кы-лат: 1. Убактылуу депутаттык комиссия төмөнкү Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн: А.А.Калмаматов А.А.Кенжебаева Н.Молдобаев Д.А.Молдошева И.Ш.Өмүркулов А.Т.Сулайманов Р.Шин. 2. Убактылуу депутаттык комиссия өз ишине мамлекеттик бийлик, жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, или-мий мекемелердин өкүлдөрүн, ошондой эле эксперттер менен адистерди тар-тууга укуктуу. 3. Убактылуу депутаттык комиссия иштин натыйжалары жөнүндө КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешине 2010-жылдын 1-мартына чейин маалымда-сын. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова