ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январынын №1648-IV «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Токтому

Редакция29.01.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары2010-жылдын 29-январы № 1648-IV            КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ             "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу              жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын         аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын                      Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  биринчи вице-премьер-министри А.Ү.Жапаров-дун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба  министри  И.Р.Айдаралиевдин"Кыргыз  Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу  маалыматтарын  угупжана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри  А.Ү.Жапа-ровдун  жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри И.Р.Айдаралиев-дин "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматтары эскеалынсын.     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:     - "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу  жөнүндө"  КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын аткарылышын толук көлөмдө камсыз кылсын;     - 2011-жылга карата кант жана өсүмдүк майы боюнча импорттун салыш-тырма салмагын ички рыноктун көлөмүндө 2 эсеге же тиешелүүлүгүнө жараша47 жана 35 пайызга төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин кабыл алсын;     - 2010-2011-жылдарда  Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын айма-гына ташып келинүүчү генетикалык  модификацияланган  азыктарды  аныктообоюнча заманбап лаборатория куруу жөнүндө маселени карасын.      Кыргыз Республикасынын Жогорку     Кењешинин Төрагасынын орун басары                 Ч.Баекова