Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-апрели № 1137-IV
Ата-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 19-майындагы № 473-V токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча, Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча, ошондой эле Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитеттеринин жумушчу комиссиясынын төрагасы Н.И.Байлонун ата-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча, Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча, ошондой эле Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитеттеринин жумушчу комиссиясынын төрагасы Н.И.Байлонун ага-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ата-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын отчетторун уксун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартсын;
- Балдарды коргоо жана Мамлекеттер аралык жаатындагы кызматташтык жөнүндө Гаага конвенциясын мамлекеттер аралык асырап алуу маселелерине тиешелүү башка мамлекеттик келишимдерди ратификациялоонун максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени 2009-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө иликтесин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамында балдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органды түзүү жөнүндө маселени иликтесин;
- Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген балдарды асырап алуу маселелери боюнча мыйзамдык ченемдердин, жоболордун, жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына контролду күчөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Юстиция министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ата-энелеринен багуусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана айрыкча чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жоболорун, буйруктарын, нускамаларын жана эрежелерин аткаруунун калыптанып калган укук колдонуу практикасын кайра карап чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өтө кыска мөөнөттө жеринде текшерүү менен чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынган балдардын жашоосунун жана тарбияланышынын шарттары жөнүндө анык маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
- ата-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү маселелери боюнча материалдарды караган соттордун, судьялардын ишине баа берсин;
- ата-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү менен байланышкан маселелерди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары тарабынан каралышынын мүмкүнчүлүгүн иликтесин;
- прокуратура органдарынын сунуштамалары боюнча ата-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандардын асырап алышына тиешелүү болгон жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп кабыл алган чечимдерин иштердин материалдарын терең иликтөө менен карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- 2006-жылдан тартып 2009-жылды кошуп алгандагы мезгилде ата-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү маселелери боюнча республиканын соттору тарабынан кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугун иликтесин;
- эл аралык агенттиктердин, Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын жана Токмок шаарынын мэриясынын үй-бүлөгө жана балдарга колдоо көрсөтүү боюнча бөлүмдөрүнүн, Бишкек шаарынын Адистештирилген ымыркайлар үйүнүн башкы врачынын, Токмок шаарынын Республикалык адистештирилген ымыркайлар үйүнүн башкы врачынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин аракеттеринин укукка жагаарлыгын жана эл аралык асырап алуу боюнча каралган бардык жарандык иштерге катышуусунун мыйзамдуулугун карасын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо, коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы, ошондой эле Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитеттеринин жумушчу комиссиясынын материалдары боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин жана башка жооптуу адамдардын ишине укуктук баа берсин;
- ата-энелеринен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандардын асырап алышы боюнча жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп кабыл алган чечимдерине сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттер аралык асырап алуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөндүк үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата жазык иштерин козгоо жөнүндө маселени карасын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку соту жана Башкы прокуратурасы иштин натыйжалары жана кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-октябрына чейин берсин.
9. (КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 19-майындагы № 473-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Ушул токтомдун аткарылышын багыттар боюнча контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча (Б.У.Мамасейитова), Коргоо коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча (Л.Ч.Сыдыкова) ошондой эле Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча (И.Ш.Өмүркулов) комитеттерине жүктөлсүн.
11. Ушул токтом жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча, Коргоо коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча, ошондой эле Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитеттеринин жумушчу комиссиясынын маалыматы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Тагаев
|