Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 248/31-6
Талас шаарында муниципалдык жер тилкелерин жашылдандырууга, абаттоого ижара акысын эсептөө үчүн К1-02 коэффициентин колдонуу жана муниципалдык жер тилкелерине, имараттардын бош аянттарына ижара акысын эсептөө үчүн тарифтик коюмду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункту, Салык Кодексинин 339-беренесинин 21-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.01.2016-жылдагы № 01-5/870 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында муниципалдык жер тилкелерин жашылдандырууга, абаттоого ижара акысын эсептөө үчүн К1-02 коэффициентин колдонуу жана муниципалдык жер тилкелерине, имараттарынын бош аянттарына ижара акысын эсептөө үчүн тарифтик коюм 1-7 тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жана мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына(Т.Киргабаков)милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов)тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |