Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2008-жылдын 5-ноябры № 40/9
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 40/9 токтому менен бекитилген |
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 2-главасы төмөнкү мазмундагы 2.6-пункт менен толукталсын:
"2.6. Улуттук банк Башкармасы ал боюнча чечим кабыл алган банктарды финансылык жактан чыңдоо чараларынан тышкары, өзгөчө жагдайларда системалуу банктык кризиске бөгөт коюу жана банк секторуна инвестицияларды тартуу максатында Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жана/же Төраганын банктык көзөмөл ишин түздөн-түз тескөөгө алган орунбасары "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзам чегинде банктардын акцияларын сатып алуу боюнча чечимди кабыл алышы мүмкүн.".
2. Жобонун 3-главасынын 3.4.-пункту төмөнкү мазмундагы 18-пунктча менен толукталсын:
"18) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 10-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 10-июнунда 71-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 24/2 токтом менен бекитилген "Банктардын Депозиттердин коргоо системасына катышууга билдирмелерди берүүсүнүн жана алардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кароого алынышынын тартиби жөнүндө" жободо белгиленген форма боюнча депозиттерди коргоо системасына өтүүгө билдирме".
3. Жобонун 5-главасынын 5.6-пунктундагы: "Fitch-IBCA (США) боюнча "BBB" категориясынан төмөн болбогон кредиттик рейтинг" деген сөздөр "же Capital I№tellige№ce, Japa№ Credit Rati№g Age№cy (JCR), Domi№io№ Bo№d Rati№g Service (DBRS), Rati№g & I№vestme№t I№formatio№ (R&I) рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган ошондой эле кредиттик рейтинг" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Жобонун 6-главасынын 6.4.-пункту төмөнкү мазмундагы 2-пунктча менен толукталсын:
"2) Депозиттерди коргоо системасына өтүүгө, белгиленген тартипте берилген билдирменин болушу;".
5. Жобонун 6-главасынын 6.4.-пунктунун 2-10 пунктчалары, тиешелүүлүгүнө жараша 3-11-пунктчалары катары эсептелинсин.
6. Жобонун 7-главасынын 7.1.-пункту төмөнкү мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын:
"13) Депозиттерди коргоо системасына өтүүгө, белгиленген тартипте берилген билдирменин жоктугу;".
7. Жобонун 7-главасынын 7.1.-пунктунун 13-пунктчасы 14-пунктча катары эсептелинсин.
8. Жобонун 9-главасы төмөнкү мазмундагы 9.10-пункт менен толукталсын:
"9.10. "Улуттук банк лицензия берилген күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде, банкка лицензия берилгендиги тууралуу билдирмени Депозиттерди коргоо боюнча Агенттикке жөнөтөт.".
9. Жобонун 18-главасынын 18.2-пунктундагы: "Fitch-IBCA (США) боюнча "B" категориясынан төмөн болбогон кредиттик рейтинг" деген сөздөр "же Capital I№tellige№ce, Japa№ Credit Rati№g Age№cy (JCR), Domi№io№ Bo№d Rati№g Service (DBRS), Rati№g & I№vestme№t I№formatio№ (R&I) рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган ошондой эле кредиттик рейтинг" деген сөздөр менен толукталсын.
10. Жобонун 20-главасынын 20.3-пунктунун 4-пунктчасындагы: "Fitch-IBCA (США) боюнча "B" категориясынан төмөн болбогон кредиттик рейтинг" деген сөздөр "же Capital I№tellige№ce, Japa№ Credit Rati№g Age№cy (JCR), Domi№io№ Bo№d Rati№g Service (DBRS), Rati№g & I№vestme№t I№formatio№ (R&I) рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган ошондой эле кредиттик рейтинг" деген сөздөр менен толукталсын.
11. Жобонун 22-главасынын 22.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"22.9. Сактык кассасынын дареги өзгөргөн учурда, банк ал тууралуу үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, ушул Жобонун ушул главасынын 22.7-пунктунун 2 жана 5-пунктчаларында каралган документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка маалымдоого тийиш.".
12. Жобонун 23-главасынын 23.5-пунктунун 4-пунктчасы алынып салынсын.
13. Жобонун 23-главасынын 23.9-пункту төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында, 200 номерде каттоодон өткөртүлгөн № 42/2 токтом менен бекитилген "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө" жобого карата 8- жана 9-тиркемелерге ылайык, кардарлар үчүн маалыматтар жана аларды тейлөөгө алуу тартиби кардарлар үчүн көрүнүктүү жерде жайгаштырылууга тийиш.".
14. Жобонун 34-главасынын 34.5-пунктунун "ж" пунктчасы алынып салынсын.
15. Жобонун 3-тиркемесинин 15-бөлүгүнүн 15.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"15.1. Банкта, акционерлердин жалпы жыйыны тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалуучу, Директорлор кеңешинин көз карандысыз кеминде үч мүчөсүнөн турган, Аудит боюнча комитет түзүлүүгө тийиш.".
16. Жобонун 17-тиркемесинин 17-25-пункттары 17-26-пункттар катары эсептелинсин.