Загрузка документа…
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
ЖОБО
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана анын конституциялык ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышына көмөктөшөт.
1.2. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Аппараттын Жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
1.4. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишин Жогорку Кеңештин комитеттери, Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча тыгыз өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
2.1. Ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин атынан жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын тапшырмасы боюнча төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Жогорку Кеңештин Өкмөт менен натыйжалуу жана оперативдүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
2) Өкмөттүн кеңешмелерине жана жыйналыштарына Жогорку Кеңештин сунуштарын, анын ичинде Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору түрүндөгү сунуштарын киргизет;
3) Өкмөт тарабынан каралып жаткан маселелер жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисине маалымдайт;
4) Өкмөттүн кеңешмелерине жана жыйналыштарына каралып жаткан долбоорлор менен кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча Жогорку Кеңештин негиздүү пикирин берет;
5) Өкмөттүн координациялык жана жумушчу органдарынын ишине катышат;
6) Жогорку Кеңештин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Өкмөт тарабынан каралуучу маселелер боюнча Жогорку Кеңештин көз карашы жөнүндө Өкмөткө маалымдайт;
7) Өкмөттүн ишинин планы боюнча сунуштарды киргизет;
8) Өкмөттүн мыйзамдардын долбоорлорун даярдоо боюнча ишин пландаштырууга жана Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгелеринин Жогорку Кеңеште өтүшүнө катышат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Жогорку Кеңештин токтомдору менен протоколдук тапшырмаларынын аткарылыш боюнча ишти өз компетенциясынын чегинде уюштурат;
10) Өкмөт менен макулдашууга жиберилген мыйзамдардын долбоорлорун (Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилге көтөрүлгөн) контролдоо боюнча ишти уюштурат;
11) Жогорку Кеңештин токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын, ошондой эле депутаттык суроо-талаптардын аткарылышы боюнча Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн ишин координациялайт;
12) Өкмөттө Жогорку Кеңештин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга байланыштуу Жогорку Кеңештин башка тапшырмаларын аткарат.
3.1. Өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууда ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Өкмөттүн кеңешмелерине жана жыйналыштарына, анын ичинде жабык кеңешмелерине жана жыйналыштарына, Өкмөт тарабынан түзүлүүчү комиссиялар менен жумушчу топтордун ишине катышууга;
2) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин чакырууга, алардын маалыматын угууга жана зарыл болгондо аларга Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча сунуштамаларды берүүгө;
3) Өкмөттө, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде жана аткаруу бийлигин башка органдарында Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарын кароого катышууга;
4) Жогорку Кеңештин Аппараты менен Иш башкармалыгынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилерин чакырууга, алардын маалыматын угууга жана зарыл болгондо аларга Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө;
5) ыйгарым укуктуу өкүлгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдар менен маалыматты Өкмөттөн, анын органдарынан, министрликтерден, ведомстволордон жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнөн суратууга жана алууга;
6) өз ишинин айрым багыттары боюнча эксперттик жана жумушчу топторду түзүүгө, ошондой эле өз функцияларын жүзөгө ашырууда көмөктөшүү үчүн окумуштуулар менен эксперттерди тартууга;
7) Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын маалыматтык банктарынан белгиленген тартипте пайдаланууга.
4.1. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иши Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөсү тарабынан камсыз кылынып, анын түзүмүн жана штаттык санын Жогорку Кеңештин Төрагасы аныктайт.
4.2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүм башчысынын рангындагы бир орун басары болот.
4.3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары ал болбогондо ыйгарым укуктуу өкүлдүн ордун басат.