Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 258/31-6
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү депутаттардын шаардык кенештеринин арасында кичи футбол боюнча Кубогун өткөрүү жөнүндө
Талас шаардык кенешинин 20-январь 2016-жылдагы №231/29-6 сандуу токтому менен кабыл алынган иш планына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү депутаттардын шаардык кенештеринин арасында кичи футбол боюнча Кубогун өткөрүү, шаарлар арасында ынтымакты, биримдикти чындоо жана депутаттар арасында спортту өнүктүрүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү депутаттардын шаардык кенештеринин арасында кичи футбол боюнча Кубогун өткөрүү жөнүндө жобосу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү депутаттардын шаардык кенештеринин арасында кичи футбол боюнча Кубогу өткөрүлсүн жана бул иш чараны уюштуруу Талас шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчисине (Б.Осмоналиев) милдеттендирилсин.
3. Аталган турнирди өткөрүү үчүн тиешелүү акча каражаты менен камсыздоо жагы Талас шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына (Ж.Ниязалиев) жүктөлсүн.
4. Кабыл алынган токтомду Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т.Сейтказиев) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |