Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы № 12
2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтерин архивге өткөрүп берүү жана жок кылуу үчүн даярдоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 11 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу, "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасында сактоодо турган тиешелүү шайлоо документтерин сактоого жана жок кылууга тандоо үчүн комиссия түзүлсүн (тиркелет).
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 11 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун тартибине бекем ылайык практикалык маанисин жоготкон шайлоо документтерин иргеп тандоону жүргүзсүн жана комиссиянын бардык курамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн акты боюнча жок кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архивине жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине өткөрүп берүү менен сакталууга тийиш болгон шайлоо документтери андан ары акт боюнча өткөрүлүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 12 токтомуна тиркеме |
Комиссиянын төрагасы:
-Султанов М.С.-аппарат жетекчиси
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Исаков Б.С.-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы
-Кадыркулова А.Б.-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
-Айтбаева К.К-документтик камсыздоо жана которго бөлүмүнүн башчысы
-Бапанова А.Р.-архивариус
-Алишеров Т.Дж.-материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинин өкүлү (макулдашуу боюнча)