КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
2016 жылдын 11 октябрындагы № 154 токтомуна ылайык
КУЧУН ЖОГОТТУ
деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-январы № 14
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн, чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Нускаманы бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 55-2, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн, чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Нускама бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси А.Т.Асаналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |