Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты №242/31-6
Талас шаарындагы Жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп берүү тууралуу келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 19-беренесинин 2-3-пункттарына ылайык, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16-февраль 2016-жылдагы № 01-5/176 сандуу катынын негизинде жергиликтүү аймакта тазалыкты жана экологиялык коопсуздукту сактоо максатында Талас шаарынан чыккан турмуш-тиричилик калдыктарын таштоочу 3 гектар жердеги жайды ирээтке келтирүү, таштандыларды сорттоп сатуу, көмүү жана тегерегин курчоо иштерин уюштуруу боюнча бюджеттик эмес каржылоо булактарын жүргүзүү жөнүндө сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясында мөөнөтсүз пайдалануу укугундагы Талас шаарынан чыккан турмуш-тиричилик калдыктарын таштоочу жайды ирээтке келтирүү, таштандыларды сорттоп сатуу, көмүү, тазалоо жана тегерегин курчоо иштерин келишимдик негизде уюштуруп аткарууга макулдук берилсин.
2. Талас шаарындагы Жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп берүү тууралуу түзүлгөн келишим бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук- ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына( Б.Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |