Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы № 16 «Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасын бекитүү тууралуу» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 16
Кабыл алынган
2012-жылдын 25-январы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 07 · 2012-жылдын 31-январы
Реестрде
2012-жылдын 14-февралы

Реестрде

Минюст коду
402901

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция25.01.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 25-январы № 16

Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасын бекитүү тууралуу

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2, 3, 4-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы № 16 токтому менен бекитилген

 

Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо

 

Урматтуу_________________________________________________________________________________________________                                                           (Ф.А.Ж.)

___________________________________________________________________________________________________

Сиз Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине киргизилдиңиз.

№ ____________________________________________ шайлоо участогу

                                (участоктун аталышы)

Дареги______________________________________________________________________________________

                                         (шайлоо участогунун дареги)

 

Шайлоо участогунун иш тартиби күн сайын саат 09.00дөн саат 18.00гө чейин.

 

Участкалык шайлоо комиссиясы

Шайлоочулар-жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү үчүн

ЭСКЕРТМЕ

 

Урматтуу шайлоочу!

Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшериңиз жана жеке маалыматтарыңызды тактаңыз. Жаныңызда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта, каттоосу бар паспорт) болуусу зарыл.

Эгерде Сиз шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү таппай калсаңыз же Сиз жөнүндө маалыматта так эместиктер бар болсо, Сиз участкалык шайлоо комиссиясына 2012-жылдын 23-февралына чейин бул тууралуу жазуу түрүндө кайрылууга укуктуусуз.

Участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу 2012-жылдын 22-февралында аяктайт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу.

 

Участкалык шайлоо комиссиясы

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.