Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 240/31-6
«2015- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан суммасын бөлүштүрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги принциптери» мыйзамынын 17- беренеси, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, 2015- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 3642,0 мин сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын сунушунун негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенешинин «Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимин карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашыкча түшкөн жана үнөмдөлгөн 3642,0 мин сом акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө макулдук берилсин:
- Талас шаардык архитектура башкармалыгына Талас шаарынын генералдык планын
түзүүнү улантууга, түзүлгөн келишимдин негизинде 600,0 мин сом муниципалдык
менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү республикалык фонду
тарабынан бөлүнгөн долбоордун негизинде 1(бир) даана таштанды чыгаруучу
автоунаа баасы 3600,0 мин сомдун өздүк салымы үчүн 360,0 мин сом
муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Ипотекалык үйдүн курулушуна тиешелүү инженердик иш кагаздарын даярдоо
жана чогултуу учун 115,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Мал санак боюнча жасалган жана жасала турган жумуштар үчүн 57,0 мин сом
Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Шаардык билим берүү бөлүмүнө ар кандай чыгымдар беренесине
мугалимдердин статусу мыйзамына ылайык, медициналык кароосунан өтүү жана
коммуналдык кызматына Талас шаардык билим берүү бөлүмүнө 280,0 мин сом,чет
тилдер багытындагы лицейге 20,0 мин сом жалпы 300,0 мин сом бөлүнүп, билим
берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
- Согуштун жана эмгек ветерандарынын Талас шаардык коомдук бирикмесине180,0
мин сом түзүлгөн сметанын негизинде, шаардык мэрия аркылуу каржылансын.
-Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө мыйзамды аткарууга карата
түзүлгөн иш чараларды уюштуруу үчүн 80,0 мин сом Талас шаардык мэриясы
аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын башкы суу сактоочу жайды кайтарууга муниципалдык «Таза суу» ишканасына 700,0 мин сом муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Жаны ачылган жаш балдардын спорт мектебине айлык акыга, электр
энергиясына, сууга жана башка чыгымдарына 458,0 мин сом бөлүнүп берилсин
жана штаттык бирдиги, айлык акылары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебинин окуучусу (Ү.Джузупбеков) дүйнөнүн жана Азиянын биринчилигинде байгелүү орун алгандыгы үчүн 50,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу бөлүнүп берилсин.
- Кармашып урушуу боюнча Талас шаарынын биринчилигин өткөрүү үчүн 30,0
мин сом федерацияга Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык прокуратурасына административдик имаратын ремонттон өткөрүү
үчүн 30,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас областык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасына лаборатория бөлүмүн
ремонттоо үчүн 42,0мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас шаардык каржы бөлүмүнө учурдагы сатып алуулар жана унаа чыгымдар
беренесине 100,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
- «Тазалык, кооздук шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга» деген долбоорду өткөрүүгө
колдоо көрсөтүү үчүн 40,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу
каржылансын.
2. Талас шаардык каржы бөлүмүнө ( Ж.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |