Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 249/31-6
Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндөгү “Талант” мейманканасынын күн чыгыш тарабындагы жалпы пайдалануудагы 1779,68кв.м жер участогун Ж-4 зонасына которуу жана Азиздер жана дүлөйлөр коомуна көп кабаттуу турак жай курууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 07.12. 2015-жылдагы №01-1/1429 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндөгү “Талант” мейманканасынын күн чыгыш тарабындагы жалпы пайдалануудагы узундугу 40,70 туурасы 23,60м. жалпы 1779,68кв.м жер участогу Ж-4 зонасына которулсун жана Азиздер жана дүлөйлөр коомуна көп кабаттуу турак жай курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде мыйзам талаптарынын чегинде иш алып баруу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясына (биринчи вице-мэр А.Койчубеков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.К.Осмонов) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |