Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 261/31-6
Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясы № 214 -үйүнүн 4-батири жалпы аянты 54,58м.кв турак жайын Талас шаарынын муниципалдык менчик обьектилеринин реестрине киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-пункту, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 265-беренеси, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 2016-жылдын 31-декабрындагы №01-4/1537 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясындагы эки кабаттуу №214-үйүнүн 4-батири жалпы аянты 54,58м.кв. турак жайы Талас шаарынын муниципалдык менчик обьектилеринин реестрине киргизилсин.
2. Реестрге киргизүү жагы муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюдет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков |