Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 257/31-6
Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнүн батыш жагына Газпром тарабынан курулган спорт комплексине тартылган электр чубалгысы менен электр чордонун Талас шаардык муниципалдык обьектилердин реестрине киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8- беренесине ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 16-февралындагы №01-1/179 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнүн батыш жагына Газпром тарабынан курулган спорт комплексине тартылган электр чубалгысы менен электр чордону Талас шаардык муниципалдык обьектилердин реестрине киргизилсин.
2. Реестрге киргизүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук - ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков |