Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты №247/31-6
Талас шаарында кооптуу абалдагы тал теректерди кыюу боюнча жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын 24-февраль 2016-жылдагы № 01-5/221 сандуу катын карап, талкуулап чыгып Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында кооптуу абалдагы тал теректерди кыюу боюнча жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына( Б.Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |