Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 4/9
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кок-Жар каналынын башкы курулмасын. Булбул дамбасын жана Сары-Камыш айылындагы дамбаларды бекемдөөгө 1-Май айылында жайгашкан Жетим-Курташ таш карерьинен таш алып иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүн жана 19 “Муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө жөнүндөгү” статьясын жетекчиликке алып, 1 -Май айылында жайгашкан Жетим-Курташ таш карерьинен алынган таш айыл аймагында гана иштетилиши башка жакка чыгарылбастыгы жана таш алууда майда жардыруу болоору жөнүндөгү УОС ишканасынын башчысы Ж.Токтосуновдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Kapa-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кок-Жар каналынын башкы курулмасын, Булбул дамбасын жана Сары-Камыш айылындагы дамбаларды бекемдөөгө 1 -Май айылында жайгашкан Жетим-Курташ таш карьеринен таш алып иштетүүгө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктарын жетекчиликке алуу менен уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” кодексинин 83-1 статьясынын 1,2,5,6 - бөлүктөрүн көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Жетим-Курташ таш карерьин кабыл алуу жана жер учтогун моонотсуз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик АКТ алып каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрь № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, келишим түзүүгө документерди тариздөө жагы айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.
5. 1-Май айылында жайгашкан Жетим-Курташ таш карерьинен таш алып иштетүүдө, жардыруу иштерине уруксат берүү жагы мамлекеттик тоо-кен иштетүү техникалык көзөмөлдөө (гос.гор.тех.надзор) ишканасынан суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара -Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |