Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 5/2
“Элдин уну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо жөнүндөгү” долбоорун турмушка ашыруу максатында калктуу конуштардан чыгуучу катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана жок кылууга атайын (спец.) техника сатып алууга айыл өкмөтүнүн 2018- жыл бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүнө ылайык жана “Элдин уну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо жөнүндөгү” долбоорун турмушка ашыруу боюнча Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жыйындар залында өткөрүлгөн элдик жыйындын 11.12.2017-жыл № 10" Калктуу конуштардан чыгуучу катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана жок кылууга атайын (спец.) техника сатып алуу жөнүндөгү” протоколдук чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматты угуп Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОК ТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жыйындар залында өткөрүлгөн элдик жыйындын 11.12.2017-жыл № 10 “ Калктуу конуштардан чыгуучу катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана жок кылууга атайын (спец.) техника сатып алуу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2. Калктуу конуштардан чыгуучу катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана жок кылууга атайын (спец.) техника сатып алууга айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинен 1.500.000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын өз убагында камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн
4. “Элдин уну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик ” долбоору боюнча маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарыльштын көзөмөлдөө жагы депутаттардык Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |