Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 5/3
“Элдин уну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо жөнүндөгү” долбоорун турмушка ашыруу максатында Биймырза айылындагы артезиан кудугуна таза-суу топтоочу көлөм (емкост, сестирна) орнотууга айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинен. акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелуу аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүнө ылайык жана “Элдин уну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо жөнүндөгү” долбоорун турмушка ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн имаратында откорулгон элдик жыйындын 11.12.2017-жыл №11“ Биймырза айылындагы артезиан кудугуна таза-суу топтоочу көлөм (емкост, сестирна) орнотуу жөнүндөгү” протоколдук чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн 201 8-жыл бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматты угуп Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 .Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн имаратында өткөрүлгөн элдик жыйындын 11.12.2017-жыл №11“ Биймырза айылындагы Артезиан кудугуна таза-суу топтоочу көлөм (емкост, сестирна) орнотуу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2.Биймырза айылындагы Артезиан кудугуна таза-суу топтоочу көлөм (емкост, сестирна) орнотуу айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинен 400.000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Акча каражатын өз убагында камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
4.“Элдин уну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик ” долбоору боюнча маалымат каражаттарына жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарыльшын көзөмөлдөө жагы депутаттардык Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |