Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 260/31-6
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту, Талас шаардык “Элдик нан” муниципалдык ишканасынын 22.03.2016-жылдагы № 2 сандуу катынын негизинде, аталган ишкананын шаар калкынын социалдык жактан муктаж болгон катмарын, мектеп, бала бакчаларды арзан нан, булочкалар менен камсыздоо боюнча тейлөө кызматын эске алып, ишкананын мындан арыда толук кандуу иштеп кенейишине шарт түзүү максатында, ишкана жайгашкан имараттын жана жабдуулардын ижара акысынан бошотуу жөнүндө сунушту карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Элдик нан “ муниципалдык өндүрүштүк ишканасынын аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы эске алынсын.
2. “Элдик нан “ муниципалдык ишканасынын шаар ичинде тейлөө кызматын жакшыртуу үчүн ишкана жайгашкан имараттын жана жабдуулардын ижара акысынан бошотулсун.
3. Кабыл алынган токтомду Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына(Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |