Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 5/8
“Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан Беларус-82 трактору менен таштанды чыгарууга кеткен жана Камаз автоунасы менен таштанды чыгарууга кеткен чыгымдарынын калькулациясын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 14.04.1994-жыл № 1480- XI1 “Салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү" Мыйзамынын 12 статьясынын 1 жана 2-бөлүмчөсүн жетечиликке алып жана “Кара-Кулжа тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан Беларус-82 трактору менен таштанды чыгарууга кеткен калькулациясы бир рейсине тургундарга 2598 сомду, бюджеттик мекемеге 2722 сом жана коммерциялык мекемелерге 2846 сомду түзөөрү жөнүндөгү жана Камаз автоунасы менен таштанды чыгарууга кеткен калькулациясы бир рейсине тургундарга 2263 сом, бюджеттик мекемеге 2370 сом жана коммерциялык мекемелерге 2478 сомду түзөөрү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кулжа тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан Беларус-82 трактору менен таштанды чыгарууга кеткен калькулациясы бир рейсине 2598 (эки миң беш жүз токсон сегиз) сомго, бюджеттик мекемеге 2722 сомго жана коммерциялык мекемелерге 2846 сомго жана Камаз автоунасы менен таштанды чыгарууга кеткен калькулациясы бир рейсине тургундарга 2263 (эки миң эки жүз алтымыш үч) сомго. бюджеттик мекемеге 2370 (эки миң үч жүз жетимиш) сомго жана коммерциялык мекемелерге 2478 (эки миң төрт жүз жетимиш сегиз) сомго бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык- маданий. билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо.коммуналдык менчик, маалымдуулук. жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мамасалиевага) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |