Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 5/9
“Биймырза айылынын батыш тарабында Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылда айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди коргоого дамба курууга уруксат берүү жөнүндө”
Биймырза айылынын батыш тарабында Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылы (үлүш) жерлерди алып кетип жаткандыгы жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Н.Казакбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара -Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биймырза айылынын батыш тарабында Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылда айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди коргоого дамба курууга уруксат берилсин.
2. Биймырза айылынын батыш тарабынан Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылда айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди коргоого дамба куруу жагы Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара -Кулжа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Сөлпуевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов
|