Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты №245/31-6
Талас шаардык кенешинин 2015-жылдын 22-июлундагы №193/23-6 сандуу Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык иштелип, 2015-жылдын 22-июлундагы №193/23-6 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Талас шаардык өз алдынча башкаруусу - мэриясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 01-4/177 сандуу катынын негизинде сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 2015-жылдын 22-июлундагы №193/23-6 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосу төмөндөгү пункттар менен толукталсын:
1.13 .Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы (мындан ары-Талас шаардык мэриясы) жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгына жөнөтөт.
1.14 Талас шаардык мэриясынын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама инструкциясына ылайык Талас шаардык мэриясынын иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча кызматкери ырастайт жана Талас шаардык мэриясынын гербдүү мөөрү басылат.
Мамлекеттик архив кызматына өткөрүлүп берилген Талас шаардык эл депутаттар кенешинин аткаруу комитетинин, Талас шаардык мамлекеттик акимдигинин жана Талас шаардык мэриясынын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө токтомдорунун жана чечимдеринин негизинде жарандардын жер участогуна болгон жеке менчик укуктарын каттап, мамлекеттик акт берүү мамлекеттик архив кызматынын архивдик көчүрмөлөрүнүн негизинде гана жүргүзүлөт.
1.15.Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгы бул Жобонун 1,4,1.13,1.14 пункттарындагы талаптар сакталбаган учурда жарандардын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогуна болгон жеке менчик укуктарын каттап, мамлекеттик акт берүүгө тыюу салынат.
2. Талас шаардык кенешинин 2015-жылдын 22-июлундагы №193/23-6 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2.1 пункттагы “Талас шаардык мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;” деген абзацты “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары;” деген абзацтан кийин жайгаштырып, “комиссиянын катчысы” деген сөздөрдөн кийин “(добуш берүү укугуна ээ эмес)” деген сөздөр менен толукталсын;
2.3. пункттагы “убактылуу негизде,бирок айына 1 жолудан кем эмес” деген сөздөр “материалдардын келип түшүүсүнө жараша” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаарынын биринчи вице-мэрине (А.Койчубеков) жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Б.Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |