ТоктомКүчүндө

Жаргылчак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-мартындагы № 18 «Жаргылчак айыл өкмөтүндөгү иш кагаздарын кыргыз тилинде гана жүргүзүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХVI I чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 20-марты № 18

“Жаргылчак айыл өкмөтүндөгү иш кагаздарын кыргыз тилинде гана жүргүзүү жөнүндө”

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн калкынын 99,92% кыргыз улутунда болгондуктан, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын кыргыз тилинде гана жүргүзүү жөнүндө

 Жаргылчак айыл кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз сессиясы

токтом кылат:

1.    Жаргылчак айыл өкмөтүндөгү иш кагаздары кыргыз тилинде гана жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Мокеев К.