Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 жылдын 20-апрели № 54/XX –3
“Кайынды шаарынын аймагында жана турак үйлөрдүн аймагында мал жаюуга тыюу салуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18 – беренесинин 1 пунктунун 9,10 жана 15 пунктчасынын негизинде, ошондой эле жарандардын коопсуздугун, автотранспорт жана поезддердин жол кыймылынын коопсуздугун, шаардын эстетикалык аспектин жана аймактын санитардык абалын камсыз кылуу максатында, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайынды шаарынын аймагында жана турак үйлөрдүн аймагында 20 – апрелден баштап 20 – ноябрга чейин көптөгөн малды жаюуга тыюу салынсын (үйүрлөрдөн тышкары).
2. Кайыңды шаарынын мэриясына киргизилген тыюу салуу жөнүндө жана “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кодексте каралган айыптык санкциялар жөнүндө маалыматты шаардын калкына жеткирүү милдети жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |