БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи уюштуруу-сессиясы
2017-жылдын 05-январы № 1/2
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин, айылдык кеңешинин регламентинин талаптарынын негизинде айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына таянып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Шакиров Кутпидин Абдырахманович Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде жаңы шайланган айылдык кеңештин төрагасына өз милдеттерин аткаруу жүктөлсүн.
Төрага | З.Базарбаев |