Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 8/11-27
“Нурманбет айыл өкмөтүнүн калк отурукташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөрү жөнүндө мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык Нурманбет айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл ө аймагында төмөнкү жыйым киргизилсин:
-калк отурукташкан аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым
2.Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир түтүндөн 50 сомдон деп бекитилсин.
3.Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов
|