ТоктомКүчүндө

Нурманбет айылдык кенешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 12/11-27 «Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициент Кз аныктоо жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-февралы № 12/11-27                     

 

“Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициент Кз аныктоо жөнүндө”

 Кыргыз Республикасынын 17.10.2008 -ж Салык Кодексинин № 339-беренесинин 4П ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди , калктуу конуштардын жерлери үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө № 327 беренени аткаруу максатында Нурманбет айылдык кенеши

токтом кылат:

1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрунө жер салыгынын чөлкөмдук коэффициенти аныкталсын.

-кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти Кз-1,2 өлчөмдө аныкталсын

2..Нурманбет айыл өкмөтүнө:

-бул токтом Чуй-Бишкек юситиция башкармалыгына ченемдик –укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн бекитилсин.

-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын

 3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Иманов