Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-февралы № 15/II-27
“Нурманбет айыл аймагында жаныбарларды идентификациялоонун баасын бекитүү жөнүндө”
Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы №91 “Жаныбарларды идентификациялоо” мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Чүй облусунун аймагында жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” 2016-жылдын 30-декабрдагы №419-б буйругун аткаруу максатта аймакта жаныбарларды идентификациялоо боюнча жеке ветеринардык адистин кызматын жана шакекченин баасын бекитүү максатта айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоо боюнча жеке ветеринардык адистин кызматы жана шакекченин баасы төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:
-шакекченин баасы 40 сом
-адистин эмгек акысы- 30 сом
2.Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-шакекчеден түшкөн акча каражатын атайын берилген эсепке түшүүсүн көзөмөлгө алышсын
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов
|