ТоктомКүчүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 20/11-27 «Нурманбет айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрин бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-февралы № 20/11-27

 

“Нурманбет айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрин бекитүү жөнүндө”

 Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестри бекитилсин

2.Нурманбет айыл өкмөтүнө

-мыйзам талабына ылайык муниципалдык менчиктин реестри жергиликтүү калк таанышуу үчүн атайын такчага ар дайым илинип туруусу камсыз кылынсын

-бул токтом Чуй-Бишкек юситиция башкармалыгына ченемдик –укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилсин

-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын

 3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Иманов