ТоктомКүчүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-майындагы № 27/111-27 «Нурманбет айыл аймагынын жайыт колдонуучуларынын жыйынын протоколун бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 19-майы № 27/111-27                

“Нурманбет айыл аймагынын жайыт колдонуучуларынын жыйынын протоколун бекитүү жөнүндө”

 Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында “Жайыт” комитетинин А.Токтоналиев,Первомай,Нурманбет айылдарында жайыт колдонуучулардын жыйындарында,фокус-группаларында жайыттарды жакшыртуу,мал чарбасынын асыл-тукумдуулугун жогорулатуу,малдарды эмдөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоо боюнча кабыл алынган чечимин карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши

токтом кылат:

А.Токтоналиев,Первомай,Нурманбет айылдарында жайыт колдонуучулардын жыйындарынын протоколдору бекитилсин

Долбоордун негизинде 1-ветеринардык аптека куруу,ири мүйүздүү малды жасалма куудуруу пунктун ачуу иштери жактырылсын

Бул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Иманов