НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-май № 28 /111-27
“Нурманбет айылдык кенештин туруктууу комиссиялары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесине ылайык Нурманбет айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Нурманбет айылдык Кенешинин мыйзамдуулук,тартип жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына катчылык кылуу милдети айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси А.Джумабаевага жүктөлөт.
2. Нурманбет айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына катчылык кылуу милдети айыл өкмөтүнүн каржы-эуономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Кочоралиевага жүктөлөт
3.Нурманбет айылдык Кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына катчылык кылуу милдети айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Артыкбаевке жүктөлөт.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүнүн жооптуу катчысы Ч.Исаковага жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |