ТоктомКүчүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июлу № 31/1У-27 «Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-июлу № 31/1У-27

“Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн каржы каражатын сарптоо боюнча маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.”Гүл балалык” бала бакчасынын катуу шамалдан чатырынын шиферлерин учуруп кеткендигине байланыштуу 70911 бөлүгүнүн 2222 элементинен -20,0 миң сом,70911 бөлүктүн 2221 элементине +20,0 миң сом жылдырылсын

2.Исабеков Алмазбектин арызын карап чыгып Нурманбет айыл өкмөтүнө жер сатып алуу үчүн төгүлгөн акча каражаты кайтарылып берилсин

3.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын атайын эсептин эркин калдыгынан Ысык-Ата районунун мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун №287 катынын негизинде адамдар жана малдардын жугуштуу орууларды болтурбоого,дарылоо иштерин жүргүзүүгө 10,0 миң сом каралсын

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Иманов