ТоктомКүчүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июлундагы № 34/1У-27 «Спирт ичимдиктерин жана тамеки, насвай сатууну иретке келтирүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-июлу № 34/1У-27

 

“Спирт ичимдиктерин жана тамеки, насвай сатууну иретке келтирүү жөнүндө”

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында аймакта спирт ичимдектерин ичкендердин саны көбөйгөндүгүнөн,жер-жерлерде топтошкон мас абалындагы адамдар чогулуп ичкендиктерине байланыштуу  жана дүкөндөрдүн тегерек четин тазалыкка келтирүү максатта айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.Нурманбет айыл аймагындагы А.Токтоналиев,Нурманбет,Первомай айылдарындагы дүкөн ээлерине:

-18 жашка чейинки балдарга тамеки,насвай,спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.

-кечки саат 10дон кийин дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбасын,кыш мезгилинде саат 8ден кийин сатылбасын

2.Милициянын аймактык тескөөчүсү И.Жээнбековко:

-дүкөндөрдүн жанында топтошуп арак ичкендерди тартипке чакыруу иштерин жүргүзсүн

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Иманов