ТоктомКүчүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 35 /У-27 «А.Молдокулов жана М.Койбагаров атындагы орто мектептеринин жана «Эпкин-Нур»,»Гүл балалык» балдар бакчаларынын жаңы окуу жылдарына даярдыктары жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 8-сентябры № 35 /У-27

“А.Молдокулов жана М.Койбагаров атындагы орто мектептеринин жана “Эпкин-Нур”,”Гүл балалык” балдар бакчаларынын жаңы окуу жылдарына даярдыктары жөнүндө”

     Нурманбет айылдык кеңеши кезектеги сессиясында А.Молдокулов,М.Койбагаров атындагы орто мектептеринин жана “Эпкин-Нур”,”Гүл балалык” балдар бакчаларынын жаңы окуу жылдарына даярдыктары жөнүндө мектептер менен балдар бакчаларынын жетекчилиринин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.А.Молдокулов жана М.Койбагаров атындагы орто мектептеринин жана “Эпкин-Нур”,”Гүл балалык” балдар бакчаларынын жаңы окуу жылдарына даярдыктары жөнүндө маалыматы эске алынсын

2.Айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевке,айыл өкмөтүнүн адиси Б.Байгазиевге:

-10-октябрьга чейин мектептерге 2017-2018-жылдагы от калоо мезгилине карата көмүр ташып келүү камсыз кылынсын

-М.Койбагаров атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын имаратына энергетика паспортун алуу үчүн мамкаттоодон өткөрүү иштери тез арада аягына чыксын

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ниязовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Иманов