Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябры № 39 /У1-27
“Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык Кеңеши мекемесин каттоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 1,3 пунктарынын негизинде Нурманбет айылдык Кеңеши
токтом кылат:
“Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык Кеңеши,Ысык-Ата району,Чүй облусу” мекемеси катталсын
Толук аталышы:
Мамлекеттик тилде- Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык Кеңеши,Ысык-Ата району,Чүй облусу” Мекеме
Расмий тилде- учреждение “Нурманбетский айылный Кенеш Нурманбетского айылного аймака Ысык-Атинского района Чуйской области”
“Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык Кеңеши,Ысык-Ата району,Чүй облусу” мекемесинин Уставы бекитилсин
“Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык Кеңеши,Ысык-Ата району,Чүй облусу” мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы,Чүй облусу,Ысык-Ата району,Т.Андашев көчөсү №41 аныкталсын
“Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык Кеңеши,Ысык-Ата району,Чүй облусу” мекемеси компетенттүү мамлекеттик органдардан мыйзамга ылайык каттоодон өтсүн
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй облусу,Ысык-Ата району, Нурманбет айылдык округунун Нурманбет айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Исакова Чынаркүл Нургазиевнага жүктөлсүн.
Бул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтар,мамлекеттик каттоого сунушталган документтерде камтылган маалыматтар анык экендигин жана Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык Кеңеши,Ысык-Ата району,Чүй облусу” мекемесин каттоо маселелери мыйзам менен аныкталган учурларда тиешелүү мамлекеттик органдар менен жана(же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын тастыктайбыз.
Төрага | А.Иманов |