Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-январы № 9/2
“Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексине» ылайык жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 9-январындагы №1 жана 2018-жылдын 16-январындагы №2 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 82722,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 81943,7 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2018-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык 85046,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга божомолу 85546,5 миң сом, 2020-жылга божомолу 85746,5 миң сом өлчөмүндө 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу шаар мэриясына сунушталсын.
5. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Шаардын бюджетине менчигинин түрүнө карабастан салык агенти төлөгөн киреше салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан эсептеп өткөрүүлөр 2018-жылда 50 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
7. Шаардын бюджетине ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, кичи ишканалардан алынуучу бирдиктүү салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдүн өлчөмү 100 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
8. 2018-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 9296,5 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык шаар мэриясынын резервдик фонду 792,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаар мэриясынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомуна ылайык шаар мэриясынын, МММБ департаментинин техникалык (ТОП) жана кенже кызматкерлеринин (МОП) айлык эмгек акысына кошумча жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Коммуналдык кызматтар үчүн» айына 1000 сомдон үстөк төлөнсүн.
11. 2019-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүргүзүлүүчү нак акча 600,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. 2018-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 2995,9 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2018-жылдын 1-январына карата калган 823,3 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
13. Кварталдык комитеттердин төрагаларынын эмгек акысын төлөө муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
14. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2016-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2017-жылга калган 2388,2 мин сом эркин калдыктын МММБ департаментине, бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2017-жыл ичинде ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен 6503,2 миң сом: анын ичинен шаар мэриясына 12,3 миң сом, шаардык кеңешке 1,9 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнө 183,0 миң сом, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багына 414,0 миң сом, Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына 400,0 миң сом, МММБ департаментине 5492,0 миң сом каржыланганы эсепке алынсын.
15. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2018-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
16. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
17. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
18. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
19. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылдын 20-январындагы кезектеги IX сессиясынын №9/2 токтомунун
1-тиркемеси
2018-жылга Өзгөн шаарынын бюджети
катар№ | Кирешелер | Суммасы |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 23763,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 1061,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 2571,8 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 27408,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1600,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 3550,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3300,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 19,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3030,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | 11773,0 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 1750,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 220,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 5000,0 |
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 85046,5 |
| Чыгашалар | мин сом |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 8504,5 |
2 | Шаар мэриясынын резервдик фонду | 792,0 |
3 | Турак-жай чарбасы | 56085,9 |
4 | Маданият бөлүмү | 1893,1 |
5 | Билим берүү бөлүмү | 12498,5 |
6 | Социалдык коргоо бөлүмү | 5272,5 |
| ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 85046,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы Н. Мамадалиев
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы №9/2 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоору
№ | Киреше кайсыл салыктын эсебинен түшөт | Өзгөн шаарынын мэриясынын 2019-жылга болжолдуу бюджети | Өзгөн шаарынын мэриясынын 2020-жылга болжолдуу бюджети |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 20000,0 | 20000,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 850,0 | 850,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 2571,8 | 2571,8 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32969,1 | 32969,1 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1200,0 | 1200,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 3550,0 | 3750,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2500,0 | 2500,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 5,6 | 5,6 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2650,0 | 2650,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | 11000,0 | 11000,0 |
11 | Ар кандай төлөмдөр: | 2250,0 | 2250,0 |
| .-Жер үчүн ижара акы | 1750,0 | 1750,0 |
| .-Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 500,0 | 500,0 |
12 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6000,0 | 6000,0 |
| Мектепке чейинки балдардын жыйымы | 5300,0 | 5300,0 |
| Мектеп жана маданият | 700,0 | 700,0 |
| Жыйынтыгы: | 85546,5 | 85746,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы Н. Мамадалиев
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы №9/2 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаар мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Мэр | 1 |
2 | Биринчи вице-мэр | 1 |
3 | Вице-мэр | 1 |
4 | Аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Бөлүм башчы | 1 |
6 | Башкы адис | 7 |
7 | Жетектөөчү адис | 6 |
8 | Адис | 3 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 21 | |
9 | ТТП | 2 |
10 | КТП | 2 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 4 | |
Бардыгы (персонал) | 25 | |
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | Н. Мамадалиев |
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 1 9–январь 2018-жыл.
Катышканы: – 7 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы А. Мамазайитов ,
Мүчөлөрү: депутаттар И. Мамадалиев, А. Шарабидинов, О. Каримов, С. Турсунбаев, Б.Мирзажанов, А. Артиков
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов, Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджанов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын жетектөөчү адиси К. Базарбаева, шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Түркбаев, Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын башчысы Н. Абдурахманов, башкы эсепчиси А. Турдумамбетова, ШББ бөлүнүн башчысы Н. Шамаматов, “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Х. Ибрагимов, Н. Азнабакиев паркынын директору Х. Джумаев
КҮН ТАРТИБИ:
1. Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы бюджеттин 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндөгү №969 каты.
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мамазайитов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 1 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги маселени Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы бюджеттин 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндөгү №969 катын кароого өтсөк.
“Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы А. Мамазайитов: өзүңүздөргө белгилүү болгондой Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата бюджетинин долбоору шаар мэриясы тарабынан 85046,5 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.
Бул маселе боюнча түшүндүрмө берүү үчүн сөздү Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго берсек.
Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджанов: Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата бюджетинин долбоору Каржы министрлиги тарабынан 85046,5 миң сом өлчөмүндө берилген. Жалпысынан алганда бул план бизге көп жеткирилген, бирок биз планды аткарууга аракет кылабыз. Бюджеттин киреше бөлүгүн Каржы министрлиги тарабынан салыктын түрлөрү боюнча берилген долбоорду бекитип берүүңүздөрдү суранам. Мэрия тарабынан салыктын түрлөрү боюнча өзүбүздүн мүмкүнчүлүккө карап даярдалган долбоорду Сиздердин сунушуңуздарды эске алуу менен Каржы министрлигине жиберебиз. Каржы министрлиги тарабынан берилген долбоордогу салыктардын түрлөрүнөн киреше булактарынан кармалган киреше салыгы, бирдиктүү салык, тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын планы көп жеткирилген. Калган салыктар боюнча планды аткарууга мүмкүнчүлүк бар. Атайын каражаттарга 500,0 миң сом кошумча сураганбыз, себеби балдар бакчалары ачылып калса кошумча киреше түшөт. Кирешенин планын толтуруу кыйынчылык алып келиши мүмкүн, биз мүмкүнчүлүгүбүзгө карап Сиздердин сунушту эске алуу менен бюджетке тактоо киргизүү боюнча Каржы Министрлигине кайрылабыз.
Шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Түркбаев: Сиздер шаардын территориясын чечип берүүгө жардам берсеңер, бюджетке кошумча киреше түшөт.
Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджанов: эми чыгаша бөлүгү боюнча маалымат берип кетсем. Эми бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өтсөк. Чыгаша бөлүгү негизинен КРӨ токтомунун негизинде айлык акынын көтөрүлүшү эсебинен болду. Шаар мэриясынын сапардык чыгымдар статьясына 30,0 миң сом ашыкча коюлуп жатат, транспорттук чыгымдар өзгөргөн жок, өкүлчүлүк чыгымдарына кошумча каражат суралган жок, башка чыгымдар статьясы өзгөргөн жок. Электроэнергияга төлөм лимит боюнча коюлат, жылуулук тариф боюнча коюлган, кайтарымсыз жардамга 350,0 миң сом койдук, өткөн жылы 400,0 миң сом эле. Чыгаша бөлүгүндө кызматчылардын эмгек акы кадамын көтөрүү каралган эмес, ал жылдык балоонун жыйынтыгы менен такталат. 2017-жылдын жыйынтыгы менен сиздерге кат менен кайрылабыз бюджетке тактоо киргизип бересиздер. Мал жандыктарды идентификациялоо, мамлекеттик камсыздандырууну мэрияга жүктөп коюлган, адистерде иштин көлөмү көбөйүп кетти. МОП, ТОП кызматкерлерине канча компенсация кошууну эсебин беребиз. Шаардык кеңештин аппаратынын чыгашасы да айлыктын эсебинен көбөйгөн. Бирдиктүү терезе ачуу үчүн да каражат керек.
Депутат А. Мамазайитов: каржы бөлүмүнө каражат бөлүнүптүр, ал боюнча түшүндүрмө берсеңиз.
Мэр: шаардык каржы бөлүмүн ачуу боюнча Каржы Министрлигине кат менен кайрылганбыз, алар ачууга макулдук берсе жергиликтүү бюджеттен каралган акчаны иштетебиз, болбосо башка иштерге иштетебиз. Кызматкерлер конкурс менен штатка ишке алынат. Эгерде каржы бөлүмү ачылып калса, бюджеттин киреше бөлүгү боюнча каржы бөлүмү Каржы Министрлиги менен такташы керек. Биз тапшырма беребиз, алар тактоо иштерин жүргүзөт.
Депутат И. Мамадалиев: кийинки 2019-жылы алардын айлыгы республикалык бюджеттен берилеби.
Мэр: эгерде Сиздер быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттен каржылоого макулдук берсеңер, кийинки жылдан баштап республикалык бюджеттен каржылана турган болот.
Депутат А. Мамазайитов: ФК спортко бөлүнгөн каражатты көбөйтүп койбойлубу.
Мэр: ФК спортко 400,0 миң сом койдук, 200,0 миң сомго спортинвентарлар сатып алып беребиз.
Депутат Б. Мирзажанов: мектептерге спортинвентарларды кайсыл каражаттын эсебинен алып беребиз.
Мэр: мектептерге мурунку жылдары спортинвентарлар алып бергенбиз, мектептерди быйыл спортинвентарлар менен толук камсыз кылууга бюджеттин мүмкүнчүлүгү жок. Бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап алып беребиз.
Депутат А. Мамазайитов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багына акча бөлүнбөптүр.
Депутат Б. Мирзажанов: эмгек акысына каражат карап койолу.
Мэр: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык эсепке өткөрөбүз. Аларга бюджеттен каражат бөлүп койсок алар иштетип жиберет. Алар чарбалык эсепке өтсө, атайын каражаттар эсебинде калган 700,0 миң сом тегерегинде калдык акчаны жана быйыл түшө турган кирешени иштете берет.
Шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Түркбаев: алардын атайын каражаттар эсебинде калдык акча турат, алар арендаторлор менен келишим түзүп, жер үчүн ижара акыны атайын каражаттар эсебине түшүрсө болот.
Мэр: аларды чарбалык эсепке өткөрсөк, алар өздөрү киреше табууга аракет кылат.
Депутат А. Мамазайитов: чарбалык эсепке өткүчө алардын 6 айлык эмгек акысына каражат бөлүп туралы.
Депутат Б. Мирзажанов: аларга бир жылга толук эле каражат бөлүп коюу керек.
Депутат А. Шарабидинов: бюджеттин долбоорун жакшы талкуулап кийин бекители. Өткөн жылы аларга 1 кварталга каражат бөлгөнбүз кийин калган каражаттарга тактоо киргизгенбиз. Комиссиянын отурумуна Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директорун чакыралы, анын сөзүн угалы.
Депутат А. Мамазайитов: 1 жылдан бери жердин ижара акысы алынган жок.
Мэр: аларды чарбалык эсепке өткөрсөк, жер үчүн ижара акыны өздөрүнүн эсебине түшүрүүгө аракет кылат.
Төрага А. Джалилов: атайын каражаттар эсебиндеги калдык акча толук иштетүү мыйзамга туура келеби. Аларды чарбалык эсепке өткөрүү боюнча эсебин бергиле.
Мэр: чарбалык эсепке өтсө иштетсе болот. Шаардык кеңеш чарбалык эсепке өтсүн деп чечим чыгарып берсе, алар иштей берет.
Депутат А. Шарабидинов: Аларды чарбалык эсепке өткөрүү боюнча эсебин алалы, кийин бул маселени карайлы. Сессияга чейин эсебин даярдап келсин.
Депутат Б. Мирзажанов: ФК спортко бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүү керек. Инвесторлорду тартуу үчүн стадионду оңдоо керек экен.
Мэр: стадионду оңдоо боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Ал жерге административдик имарат куруу керек. Раздевалка, душевой жок. Азыр ал иштерди аткарууга бюджеттин мүмкүнчүлүгү жок. Бул маселе титулга кире турган иш болгондуктан кийин карайбыз.
Депутат А. Шарабидинов: лагерге бөлүнгөн акча боюнча түшүндүрмө берсеңиз.
Мэр: мектептин базасында лагер ачууну пландаштырып жатабыз. /й-бүлөлүк шартына карап балдарды кабыл алабыз. Аларды эрте менен алып келип, кеч алып кетишет. Тарбиячылардын айлыгына, балдардын тамак-ашына каражат каралат. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын чыгашалары эмгек акынын көтөрүлүшү эсебинен көбөйгөн. ДОЦко сапардык чыгымдарга өткөн жылдан калган карызды эсепке алып 10,0 миң койгонбуз.
Депутат Б. Мирзажанов: лагер кайсы мектептин базасында ачылат.
Мэр: гимназия мектебинин базасында ачылат.
Депутат А. Мамазайитов: асма көпүрөнүн курулушу качан бүтөт. Оор жүк ташуучу машиналар жүрүп жаткандыктан, ылдыйкы Өзгөндүн жолу жараксыз абалга келип жатат. Ишти тездетүү керек.
Мэр: МММБ департаменти иш аткаруучуну чакырат, алар менен сүйлөшүп Сиздерге жообун айтабыз.
Депутат А. Шарабидинов: асма көпүрөөнү тезирээк бүтүрүү керек. Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына бөлүнгөн каражатты да карап койолу.
Мэр: Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына 6500,0 миң сом каражат бөлүнгөнүнүн себеби алардын штатына 2 дворник кошулду.
Депутат Б. Мирзажанов: Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын өкүлдөрүн жана башка мекемелерди да комиссиянын отурумуна чакыралы.
Мэр: 14-январь бюджетти бекитүүнүн акыркы мөөнөтү, ошого чейин бюджетти бекитип беришиңиздер керек.
Депутат А. Мамазайитов: комиссиянын кезектеги отрурумуна кайсы күнү топтололу, эртең саат 16-00 гө топтолууну сунуштайм.
Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоо тапты.
Депутат А. Шарабидинов: Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын АСС машинасы жакшы иштебей жатат, шлангасы да кыска.
Мэр: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багы чарбалык эсепке өтсө, атайын каражаттар эсебиндеги калдык акчаны иштете алабы.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын жетектөөчү адиси К. Базарбаева: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багы чарбалык эсепке өтсө, атайын каражаттар эсебиндеги калдык акчаны каалаган жерге иштетсе болот.
Депутат А.Мамазайитов: социалдык өнүгүү башкармалыгына акча жетиштүүбү.
Депутат С. Турсунбаев: сиздерде штат боюнча канча кызматчы бар.
Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Н. Абдурахманов: азыркы күндө 22 киши иштеп жатат 2 киши эмгек акы төлөнбөгөн эмгек өргүүдө.
Мэр: каражаттарын бир сыйра карап көбөйтүп койдук, адистери окууга барат, байланышка кошумча каражат бөлүндү, элге жеңилдиктер статьясына дарыканадан карызы эсебинен кошумча каражат бөлүндү.
Депутат А. Мамазайитов: жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул качанттан төлөнөт.
Соц.өнүгүү башкармалыгынын башчысы Н. Абдурахманов: бул маселе Өкмөт тарабынан каралууда.
Депутат А. Мамазайитов: маданият үйүн карап койсок.
Маданият үйүнүн директору Д. Каримова: Маданият министрлиги тарабынан келген штаттык бирдик боюнча каражат карап берсеңер болот эле.
Мэр: силер маданият бөлүмү болосуздар, ошондуктан силерге 10 штаттын кереги жок.
Депутат Б. Мирзажанов: алар бюджетибизге киреше түшүрөбү.
Мэр: алардан киреше түшпөйт, бирок шаарда маданиятты сакташыбыз керек. Алардын имараты жок. Аренданын эсебинен электр энергиясына 10,0 миң сом төлөп беребиз. Мэриянын тапшырмасын аткарат.
Депутат А. Шарабидинов: сапардык чыгымдарга каралып жаткан каражат жетеби.
Жооп: толук жетишпейт.
Мэр: депутаттык комиссия иш-планына киргизип алардын ишмердүүлүгүн текшерсе болот. Алар иштеткен каражаттары боюнча маалымат беришет.
Депутат А. Мамазайитов: шаардык билим берүү бөлүмүн карап койсок.
Мэр: 55,0 миң сом каражат пластик кылынбаган мектептердин терезелерине кленка алууга каралып жатат. 350,0 миң сомдун расшифровкасы бар, ал кызмат көрсөтүүлөр. Коммуналдык кызматтарга жергиликтүү бюджеттерден каржыланышы боюнча Өкмөттүн токтому бар.
Депутат Б. Мирзажанов: класстык копилкалар эмнеге топтолуп жатат, С.Шарипов мектебинде ар бир окуучудан 540 сомдон топтолуп жатат.
ШББ бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматов: копилка ата-энелердин демилгеси боюнча топтолуп жатат.
Депутат И. Мамадалиев: копилканы банкка түшүрүп иштетсе болобу.
ШББ бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматов: копилканы ата-энелер көзөмөлдөйт.
Депутат О. Каримов: С. Шарипов мектебинде копилка боюнча ата-энелер чогулушунда отчет берилди.
Депутат С. Турсунбаев: балдар бакчаларына телефонго 45,0 миң сом каралып жатат, өткөн жылы 5,0 миң сом эле каралган экен себеби эмнеде.
Мэр: “Таза Коомго 40 кадам” программасынын негизинде бакчаларда интернетке уланышы керек. Бакчаларга кезекке туруу да электрондук болот.
Депутат О. Каримов: көмүр сатып алууга да өткөн жылга салыштырмалуу көп каралып жатат.
Мэр: А. Навои мектеби, жаңы курулуп жаткан бала бакча ачылып калса аларга көмүр керек.
Депутат Б. Мирзажанов: борбордук жылытуу системасына уласак болобу, бул боюнча анализ кылып чыксаңар.
Мэр: жылуулукка болгон тариф мектептерге жогору болот, жылуулук менен камсыздоого көп каражат кетет. Азыркы күндө К. Датка, В.И. Ленин мектептери жана Ай-Мээрим балдар бакчасы электр энергия менен жылытылат.
Депутат А. Шарабидинов: электр энергияга каражат жетеби.
Мэр: азырынча жетет.
Депутат О. Каримов: өткөн жылы электр энергияга штраф салынганбы.
ШББ бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматов: 2 мектепке жоготуу деп штраф салышкан.
Депутат А. Мамазайитов: ШБББ аппаратына сапардык чыгымдарга 50,0 миң сом кошуп койсок.
ШББ бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматов: бизге метод кабинет жаңы түзүлдү, аларга да инвентар алуу керек.
Мэр: аларга биз инвентар сатып алып, накладной менен өткөрүп беребиз.
Депутат О. Каримов: балдарга билим берүү борборуна атайын каражаттар статьясына 100,0 миң сом коюлуп жатат, тамак ашка канча атайын каражат түшөт.
Мэр: БББ нын атайын каражаттар статьясын тактап коюу керек.
ШББ бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматов: тамак-аш 54 сомду түзсө 18 сомун жергиликтүү бюджеттен калганын ата-энелер беришет. Бахмалдагы балдар бакчасы, ылдыйкы Өзгөндөгү бала бакча ачылып калса, тамак-ашка кошумча каражат керектелет.
Мэр: бул балдар бакчалары сентябрь айынан ачылса, каражат жетет. Алар муниципалдык бакча болот. Ээлери оперативдик башкаруу укугу менен бизге пайдаланууга берүүгө макул болуп жатышат. Келечекте бакчаларды ачууга аракет болуп жатат.
Депутат А. Шарабидинов: Токтогул көчөсүндөгү А. Темур мектебинин ичиндеги бактын ордуна бакча курсак болот.
Депутат А. Мамазайитов: Н. Азнабакиев паркынын сметасын карап койсок. Х.Джумаев паркты чарбалык башкарууга өткөрсөк сиз даярсызбы.
Н. Азнабакиев паркынын директору Х. Джумаев: менин бул боюнча эсебим жок, паркка подстанция алуу керек, оңдоо иштерине каражат керек. Жараандарга эс алууга шарт түзүү керек. Топтогон каражатты эмгек акыга берсек кошумча иштерди аткара албайбыз. Лестницаны оңдоо керек. 2017-жылдын ичинде 465,0 миң сом киреше түштү.
Мэр: парктын атайын каражаттар эсебинде 638,0 миң сом турат, өзүнчө КТП алуусу керек. Алардын уставында хозрасчет деп жазылган. Титулдун эсебинен КТП алып берсек, бирок чарбалык эсепке өткөрсөк. Аренда акыны өздөрүнө түшүрөт.
Депутат О. Каримов: сезондо 150,0 миң сом айына түшкөн.
Депутат А. Мамазайитов: директору жаңы быйыл эмгек акысын жергиликтүү бюджеттин эсебинен карап берсек, калган иштерин 638,0 миң сом калдыктын жана кирешенин эсебинен өзү кылсын.
Мэр: буларды келечекте бөлүп чыгаруу керек. Штаттык бирдигиңерди алып келгиле, быйыл да эмгек акыңарды биз карап берели. Арендаторлордон сиз аренда акы алсаңыз болот.
Депутат А. Шарабидинов: эмгек акыга канча каражат кетет.
Мэр: 500,0 миң сомдун тегерегинде кетет.
Депутат А. Мамазайитов: дене-тарбия жана спортко кошуп койсок себеби Өкмөттүн 2018-2022-жылдарда спортту өнүктүрүү боюнча программасы чыккан.
Депутат Б Мирзажанов: мүрзөөлөрдү кароо үчүн 3 кароолчу штаты департаменттин штаттык бирдигине киргизилдиби.
Мэр: штатта 3 киши кирген, алар жоопкерчиликтүү болот. Аларга 165,0 миң сом эмгек акы кетет. Калган иштерди титулга киргизип аткарабыз. МММБ департаментинин эмгек акысынын ичине аппараттын, кварталдык комитеттердин төрагаларынын айлыгы кирген.
Депутат С. Турсунбаев: дене-тарбия жана спортко канча кошсок болот.
Мэр: дене-тарбия жана спортко 200,0 миң сом кошуп берели.
Депутат И. Мамадалиев: түнкү жарыткычтарга үнөмдүү лампочкаларды алсак болбойбу. Электр энергияга көп каражат кетип жатат.
Мэр: үнөмдүү лампочкалар кымбат турат экен. Аз аздан алмаштырсак болот.
Депутат О. Каримов: түнкү жарыткычтарды өз убагында өчүрүүнү көзөмөлдөө керек. Ошондо да каражат үнөмдөлөт.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактарынын жана чыгашаларынын долбоорун депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 85046,5 миң сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражаттарды мыйзам чегинде иштетүүнү көзөмөлдөө шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысы С. Сартбаевге милдеттентирилсин.
3. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Бюджет, салык жана экономика
саясаты боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы А. Мамазайитов
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 2 16–январь 2018-жыл.
Катышканы: – 5 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасынын орунбасары И. Мамадалиев,
Мүчөлөрү: депутаттар А. Шарабидинов, С. Турсунбаев, Б. Мирзажанов, А. Артиков
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов, Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджанов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын жетектөөчү адиси К. Базарбаева, шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Түркбаев, Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы эсепчиси А. Турдумамбетова, ШББ бөлүмүнүн башкы эсепчиси Р. Аширбаева, “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын эсепчиси М. Хаджиева, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу паркынын эсепчиси М. Джороева
КҮН ТАРТИБИ:
1. Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 12-январындагы бюджеттин 2017-жылда аткарылышын бекитип берүү жөнүндөгү №10 каты.
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Шарабидинов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 1 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги маселени Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 12-январындагы бюджеттин 2017-жылда аткарылышын бекитип берүү жөнүндөгү №10 катын кароого өтсөк.
“Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиянын мүчөсү А. Шарабидинов: өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинде” жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү шаардык кеңештин компетенциясына кирет деп белгиленген. Ошондуктан бүгүнкү комиссиянын отурумунда Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалыматты угуп койсок.
Бул маселе боюнча кимде кандай сөз бар.
Шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Түркбаев: бүгүнкү отурумга шаардагы бюджеттик мекемелердин, муниципалдык ишканалардын башкы эсепчилери катышып олтурушат. Аларга 2017-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча суроолор болсо берсеңиздер. Алар жооп бергенден кийин бүгүнкү отурумда 2017-жылдагы бюджеттин аткарылышын бекитип берүүңүздөрдү суранам.
Депутат А. Шарабидинов: анда Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын кароодон баштасак. Өткөн отурумда алардын 2017-жылдагы сметасынын аткарылышын караганбыз, суроолор болсо берсеңиздер.
Депутат Б. Мирзажанов: Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы эсепчиси А.Турдумамбетовага суроолор жок.
Депутат А. Шарабидинов: анда Өзгөн ШББ бөлүмүн карап койсок. ШББ бөлүмүнүн башкы эсепчиси Р. Аширбаевага суроолор болсо берсеңиздер.
Депутат С. Турсунбаев: балдар бакчаларынын өткөн жылкы сапардык чыгымдардан 19,0 миң сом карызы бар экен.
Мэр Р. Атаджанов: бул маселени 6 айдын жыйынтыгы менен же болбосо ички резервтен чечсе болот.
Депутат Б. Мирзажанов: башка чыгымдар статьясынын каерге сарпталышы боюнча маалымат берип койсоңуз.
ШББ бөлүмүнүн башкы эсепчиси Р. Аширбаева: маалыматты силерге берели, таанышып койсоңуздар.
Депутат И. Мамадалиев: балдар бакчаларынын өткөн жылкы сапардык чыгымдарын 6 айдын жыйынтыгы менен карап берсек.
Мэр Р. Атаджанов: 2019-2020-жылдын божомолун биз берген долбоор боюнча бекитип берсеңиздер. Кошумча киреше түшсө силердин макулдугуңар менен бөлүнөт.
Депутат Б. Мирзажанов: шаардык билим берүү бөлүмү атайын каражаттарды кандай иштерге иштетет. Атайын каражаттарынан иштетилбей калган калдык акчаларды кандай иштерге иштетилет.
Мэр Р. Атаджанов: балдар бакчаларын тамак-ашына иштетет, имараттарды ремонттоого иштетет. Калдык акчаны быйылкы жылы иштетсе болот.
ШББ бөлүмүнүн башкы эсепчиси Р. Аширбаева: балдардын билим берүү борбору өзүнө атайын каражаттар үчүн счет ачты. Өзүнүн эсеп счету болот.
Депутат А. Шарабидинов: ШББ бөлүмүнө суроолор жок болсо, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын карап койсок.
Мэр Р. Атаджанов: паркка быйыл эмгек акысына соцфондко акча каражат койдук, калган иштерди атайын каражаттар эсебинен аткарат.
Депутат А. Шарабидинов: КТП трансформатор бюджеттен алынабы.
Мэр Р. Атаджанов: башка иштерди өзүнүн эсебинен аткарат. Эмгек акысы, соцфонду жергиликтүү бюджеттен берилет. Кийинки жылы чарбалык эсепке өткөрүүнү карап көрөбүз.
Депутат Б. Мирзажанов: быйылкы жылда кандай иштер кылынат. Жылдын башына калган калдык жана быйылкы жылда түшө турган акчалар эсебинен кандай иштер аткарылышы жөнүндө бизге маалымат берсин. Квартал боюнча бөлүп берсеңиздер. Инвестиция боюнча маалымат бергиле. Эс алууга шарт түзүү керек.
Мэр Р. Атаджанов: мотористи менен поливальшиги сезондо гана 8 ай иштейт, калгандары жыл бою иштешет.
Депутат А. Шарабидинов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багына суроолор жок болсо, Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасын карап койсок.
Депутат Б. Мирзажанов: Тазалык ишканасынын кирешеси жакшы өспөй жатат, алар пайда көрбөй жатат. Кирешеден эксковатор сатып алабыз дегенсиңер.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: бардык жерде эле тазалык кирешелүү ишкана эмес. Элдин талабын толук аткаруу үчүн техникабыз жетиштүү эмес. Поручитель болуп техника алып берүү боюнча мэрияга кат менен кайрылганбыз. Кирешеде өсүү бар. Техника жетишпегендиктен көп киреше табуу кыйын болуп жатат.
Депутат А. Шарабидинов: борбордук көчөлөрдөн акча алуу кыйын, бирок башка жерлерде жащаган эл менен келишим түзүүнү жандандыруу керек. Тазалык коммерциялык дүкөндөр менен иштөөсү керек. Техника жетишпейт, бирок жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алып берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Техникалар талапка жооп бербесе, кантип келишим түзүш мүмкүн.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: кварталдык комитеттердин төрагалары менен иштеп жатабыз, таштандылар төгүлүүчү жерге видео күзөт орнотобуз. Бизге каралган каражаттардан 2600,0 миң сом көчө шыпыруучулардын эмгек акысына кетет. 3800,0 миң сом бизге муниципалдык заказды аткарганыбыз үчүн төлөп берилет. Депутаттык комиссия өткөн жылы текшерген, келишимдерди түзүүнү жандандыруубуз керек.
Депутат И. Мамадалиев: бюджеттин эсебинен жардам берип техника сатып алып берсе болобу.
Мэр Р. Атаджанов: биз республикалык бюджеттен техника алып берүү үчүн каражат сураганбыз, жакында келип калышы керек, кийин техника сатып алып аларга өткөрүп беребиз. Азыркы күндө шаардагы 18,0 миң киши менен келишими бар, бирок аларды толук тейлөөгө мүмкүнчүлүк жок. Эсеп боюнча ишти жетиштүү денгээлде жүргүзүү үчүн 23 жүк ташуучу техника керек.
Депутат И. Мамадалиев: альтернатив ишкана ачууну жолго койсо болобу.
Мэр Р. Атаджанов: аны кылса болот, бирок бизде андай чоң көлөмдө таштанды жок.
Депутат С. Турсунбаев: булар иштеп жатат, бирок төлөмдөрдү толук алалбай жатат.
Мэр Р. Атаджанов: келишимди толук түзүүнү көзөмөлдөө керек.
Депутат И Мамадалиев: канча контролер бар.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: 2 контролер бар. Башка кызматкерлер да акча топтогону жардам берип жатат. Контролер болуп иштөөгө адам жок болуп жатат. Биз муниципалдык заказды аткарганыбыз үчүн акча алабыз.
Төрага А. Джалилов: альтернативдүү ишканаларды жолго койсок болот. Тарифти кароо керек.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: тарифти мурунку депутаттар ар бир адамга 16 сомдон айына бекитип берген. Катуу жана суюк таштандылардан 50% келишим түзүлүп алынып жатат. 3,5 млн сомго план койгон болсок, андан 1980,0 миң сом өндүрдүк.
Депутат И. Мамадалиев: канча коммерциялык ишканалар менен келишим бар.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: 437 коммерциялык ишканалар менен келишим түзүлгөн.
Өзгөн шаар мэриясынын бөлүм башчысы Т.Туркбаев: компьютерге түшүрүп, лицевой эсеп ачып төлөмдөрдү көзөмөлдөө керек.
Депутат А. Шарабидинов: кварталдык комитеттерден контролер таап берүүнү сурангансыңар. Өзүңөр иштешиңер керек, абоненттерге лицевой счет ачуу керек.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: ар бир абонент компьютерге түшкөн. Мурун кварталдык комитеттердин төрагалары жардам берген. Кварталдык комитеттердин төрагалары убактылуу жашабагандарга өз убагында аныктама бериши керек.
Депутат И. Мамадалиев: төлөмдөрдү РЭТке окшоп электрондук түрдө төлөөнү жолго коюу керек.
Мэр Р. Атаджанов: 1 адам келишим түзүп, 2-3 адамдын таштандылары алынып жатат.
Депутат Б. Мирзажанов: алар салык кызматы менен бирге жүрсө болбойбу.
Мэр Р. Атаджанов: ишкана биринчи кезекте графикти сактоосу керек.
Төрага А. Джалилов: жеке менчик транспорт ээлери менен келишим түзүп иштеп көрдүңөрбү.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: алар биз төлөгөн акчага көнбөйт, бул сунушту жетекчиликке жеткирем.
КР Каржы Министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын жетектөөчү адиси К.Базарбаева: булар ишти сатып алууну портал аркылуу жүргүзүүсү керек.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: биздин штраф салууга укугубуз жок, экотехинспекция штраф салат.
Мэр Р. Атаджанов: алар жаңы тарифти 23 сомдон сунуштап жатат, бизге беришсе силерге сунуштайбыз.
“Өзгөн Тазалык” м.и. башкы эсепчиси М. Ходжиева: биздин шаарыбызда тариф көп жерлерге караганда арзан.
Депутат А. Шарабидинов: график сакталбай жатат. Кызмат өз убагында аткарылышы керек.
Мэр Р. Атаджанов: жыл ичинде аткарылган иштердин маалыматын бергиле.
Депутат А. Шарабидинов: эми МММБ департаментин карап койсок.
Депутат И. Мамадалиев: парковкадан карыздар калбадыбы.
МММБ департаментинин башкы эсепчиси Н. Жолдошев: төлөп жатышат, карыздары да бар.
Депутат Б. Мирзажанов: Пазилат соода борборунун алдындагы чоң жол стоянка болуп жатат, күрүч базардын алдына тиколор туруп алган. Буларды көзөмөлдөө керек.
Төрага А. Джалилов: С. Негматов көчөсүндөгү дүкөндөрдү да карап койгула.
Депутат Б. Мирзажанов: Жуков көчөсүндө эски столбалар көп аларды көзөмөлдөө керек. Ирригация тармактарын да карап коюу керек.
Депутат С. Турсунбаев: Курчатов көчөсүн да карап коюу керек.
Мэр Р. Атаджанов: бул маселелер боюнча депутаттык суроо-талап бергиле.
Депутат С. Турсунбаев: резервдик фонддон айт майрамдарына акча бөлүнбөптүр.
Өзгөн шаар мэриясынын башкы эсепчиси Х. Мадаминова: эгемендүүлүк күнү айт майрамы менен бир күн айырмасы менен туура келгендиктен, эки майрамга 13675 сом бир каражат бөлүп берилген.
Депутат Б. Мирзажанов: резервдик фонддон кантип акча бөлүнөт.
Мэр Р. Атаджанов: алар арыз жазышат, үй-бүлөлүк шартына карап берилет, операцияга бара тургандарга медициналык корутундуга карап берилет.
Депутат Б. Мирзажанов: мектептерге физика, химия мугалимдери жетишпейт, себеби эмгек акысы аз болууда, резервдик фонддон материалдык колдоо көрсөтсөк болобу. Мектептерде китептер да жетишпейт каражат карап алып берсек болобу.
Мэр Р. Атаджанов: мугалимдерге эмгек акысына кошуп бере албайбыз, бирок китеп алып берсек болот.
Депутат А. Шарабидинов: жакшы иштеп жаткан депутаттарга эгемендүүлүк күнүнө карата грамота берсе, газетага чыгарып койсо болобу.
Депутат С. Турсунбаев: декларация толтурууга мэрия жардам берсе болобу.
Мэр Р. Атаджанов: аппаратык жыйында бул маселе көтөрүлдү, бирок алар программа менен иштейт, ага кирүү мүмкүн эмес.
Депутат А. Шарабидинов: өздөрү толтуруп барса туура эмес деп жатат.
Депутат Б. Мирзажанов: жер участогун сурап канча адам кезекте турат.
Мэр Р. Атаджанов: кайрылгандар көп, бош жер болсо эле турак жай курууга жер бөлүп берилет, бирок азыркы күндө шаарда жер жок.
Депутат А. Шарабидинов: күн тартибиндеги маселе каралып болду, башка суроолор жок болсо, 2017-жылдагы бюджеттин аткарылышы бекитилсин деген сунушка макул болгон депутаттар добуш берип койсоңуздар.
Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 82494,1 миң сомго, чыгаша бөлүгү 81943,7 миң сомго аткарылгандыгын бекитип берүү жагы шаардык кеңештин кезектеги сессиясына сунушталсын.
2. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2016-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2017-жылга калган 2388,2 миң сом эркин калдыктын МММБ департаментине, бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2017-жыл ичинде ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен 6503,2 миң сом: анын ичинен шаар мэриясына 12,3 миң сом, шаардык кеңешке 1,9 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнө 183,0 миң сом, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багына 414,0 миң сом, Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына 400,0 миң сом, МММБ департаментине 5492,0 миң сом каржыланганы эсепке алынсын.
3. 2018-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 2995,9 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана ал каражаттарды депутаттардын макулдугу менен каржылоо сунушталсын. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2018-жылдын 1-январына карата калган 823,3 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
4. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга божомолун 85546,5 миң сом, 2020-жылга божомолун 85746,5 миң сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
5. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиянын мүчөлөрү | И. Мамадалиев С. Турсунбаев А. Шарабидинов Б. Мирзажанов
|
|
|