Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 28/34-2
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 30-июнь 2016-жылдагы №28ө30-5 токтомуна кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык кеңешине келип түшкөн арыздарды карап чыгып, шаардык кеңештин «Экология, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жер, турак-жай, курулуш жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссиясынын 2016-жыл 1-ноябрдагы отурумунун бүтүмүнүн негизинде Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтомдун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: Чолпон-Ата шаар тургундарынын жеке менчик жерлеринин өздөрү ашыкча колдонуп, пайдаланып жүргөн жер тилкелери кезекте турган үй-бүлөө мүчөлөрүнө турак жай салуу үчүн, тиешелүү мамлекеттик органдардын оң корутундусунан кийин кезексиз бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун 2-пунктундагы кээ бир сөздөр төмөндөгү сөздөр менен алмаштырылсын:
“ жеке менчик жерлерине чектеш” деген сөздөрдүн ордуна “өздөрү ашыкча колдонуп жүргөн”.
3. Токтом төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
Чолпон-Ата шаарынын мэриясына жер тилкелерин берүүдө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жыл 6-майдагы №177, 2011-жыл 23-сентябрдагы №571 токтомдоруна таянып иш алып баруусу тапшырылсын.
4.Токтомдун 4-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына Чолпон-Ата шаардык кеңештин 29.07.2016-жылдын №28ө31-4 токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин ММКда жарыялансын.
төртүнчү пункт катары менен бешинчи болуп эсептелсин.
Төрага | Б.Иманбеков |