ТоктомКүчүндө

Жаңы-Жер айылдык кенешинин 2017- жылдын 23-октябрындагы №10-27/3 «Жаңы-Жер айыл аймагында алкоголь ичимдиктеринин бардык түрүн сатууга тыюу салуу жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

27 чакырылыштын 10 сессиясы

2017- жылдын 23-октябры №10-27/3

 «Жаңы-Жер айыл аймагында алкоголь ичимдиктеринин бардык түрүн сатууга тыюу салуу жөнүндө»

 Жаңы-Жер айылынын жашоочуларынын жамааттык кайрылууларынын жана айылдык кеңештин депутаты Ж.Бабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Жер айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууну токтотуу жөнүндө

Жаңы-Жер айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын өзүн өзү башкаруу мыйзамынын № 31беренесинин 15 пунктунун негизинде 2018-жылдын 1чи январынан баштап Жаңы-Жер айыл аймагында спирт ичимдиктеринин баардык түрүн сатуу токтотулсун.

Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М.Джекшеновго жүктөлсүн

 

Төрага

Бердигулов А.М.