Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017 –жылдын 10-майы № 21/ V –27
“Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн ВАЗ-21074 кызматтык автоунаасын сатыкка коюу жөнүндө”
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун: “Айыл өкмөтүнүн 2006-жылы чыккан ВАЗ-21074 кызматтык автоунаасы эскилиги жетип, айдаганга кыйынчылыкты туудуруп жаткандыгына байланыштуу сатыкка коюу керек экендиги жөнүндө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл өкмөтүнүн 2006-жылы чыгарылган “ВАЗ-21074”, кыймылдаткычы № 8374244, № 2525 SK кызматтык автоунаасы эскилиги жеткендигине байланыштуу сатыкка коюлсун.
Кызматтык автоунааны сатууда түшкөн акча каражаты Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюджетине түшсүн.
Кепилдик взнос алгачкы старттык сумманын 10% болуп бекитилсин, комиссиялык тейлөөгө старттык сумманын 0,5 % болуп бекитилсин, аукциондук кадам 2000 сом өлчөмүндө болуп бекитилсин.
Каржы бөлүмүнүн башчысына айыл өкмөтүнүн балансынан, МРЭО мамлекеттик каттоо кызматынан жана Ысык-Ата райондук аскердик комиссариатынан алып салуу жагы жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Төрага | Албекенов А.
|