Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017 –жылдын 10-майы № 24/ V –27
”Вода-это жизнь” таза суу колдонуучулардын айылдык коомунун бирикмесинин төрагасы М. Карагулаковдун аткарган иш аракеттерин угуу жана ичкен суунун тарифин, штаттык расписаниесин, иш планын, бюджетин бекитүү жөнүндө”
”Вода-это жизнь” таза суу колдонуучулардын айылдык коомунун бирикмесинин төрагасы М.Карагулаковдун 2017-жылдын 1-кварталында аткарган иш аракеттерин жана ичкен суунун тарифин, штаттык расписаниесин, иш планын, бюджетин угуп жана талкуулап
Кочкорбаев айылдык Кенеши
Токтом кылат:
“Вода-это жизнь” таза суу колдонуучулардын айылдык коомунун бирикмесинин ревизиондук комиссиясы төмөндөгүдөй курамдан түзүлсүн:
Момуналиев Ырыс - төрагасы
Белеков Зарыл
Байзаков Асангелди
Токбергенов Аскат
Байсалов Жаныш
Райкеев Джолдош
Кожомкулова Айпери
Гарбузняк Владимир
Ичкен таза суунун тарифи, штаттык расписаниеси, бюджети жана иш планы бекитилсин.
“Вода-это жизнь” таза суу колдонуучулардын айылдык коомунун бирикмесинин төрагасы М. Карагулаковдун аткарган иш аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Төрага | А.Б. Албекенов |