ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги X- сессиясы
2017-жылдын 22-ноябры № 30
“Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичүүчү таза сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесин “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичүүчү таза сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесин “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичүүчү таза сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесинин негизги каражаттарын эсептеп, инвентаризация иштерин толук бүтүрүп, “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Исаковго, “Чымбай-Мөлтүр таза суу” ИСКАКБнын жетекчиси Сатишова Кларага жана “Өзгөрүш- Таза суу” ИСКАКБнын жетекчиси Камчыбеков Толкунжанга милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Жусупов Өмүрбекке жүктөлсүн.
Төрага | П.Эсеналиев |